Ысык – Көл облусунун Ак – Суу района караштуу Сары – Камыш айылында экологиялык көйгөйлөр жана анын чечимдери талкууланды

2025-жылдын 30-майында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Сары-Камыш айылынында Ысык-Көлдөгү Орхус Борбору тарабынан, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун негизги максаты жергиликтүү жамаатты Орхус Конвенциясынын принциптери менен тааныштыруу, жарандардын экологиялык маалыматка жетүү, чечим кабыл алууга катышуу жана экологиялык укуктарды коргоо боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу болду. Ошондой эле Сары-Камыш айылынын жана жалпы Ысык-Көл аймагынын экологиялык көйгөйлөрү талкууланып, жергиликтүү деңгээлде чечимдерди табууга багытталган сунуштар чогултулду.

Иш-чараны Сары-Камыш айылынын башчысы Султаш уулу Улан расмий ачып, тегерек столдун маанилүүлүгүн белгилеп, катышуучуларды активдүү талкууга чакырды. Ысык-Көл Орхус Борборунун менеджери С. Турсунакунов Борбордун ишмердүүлүгү жана максаттары тууралуу кеңири маалымат берип, Конвенциянын укуктук негизин жана жарандардын катышуу мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрдү. Катышуучуларга Ысык-Көлдөгү Орхус Борборунун ишмердүүлүгүн чагылдырган презентация жана видеолор көрсөтүлдү.

Талкуунун жүрүшүндө мугалим Ж. Казакбаева акыркы жылдары жергиликтүү жаштардын экологияга болгон мамилеси оң жакка өзгөргөнүн белгиледи, бирок системалуу жана үзгүлтүксүз экологиялык билим берүүнүн жетишсиздигин баса белгиледи. Анын айтымында, мектеп программаларында экологияга арналган темалар аз, айрыкча жаратылышты коргоо, таштандыларды башкаруу, суунун жана абанын булгануусунун кесепеттери сыяктуу маселелерге жетишсиз көңүл бурулат.

Жаш активист А. Айбекова акыркы жылдары жаштардын жаратылышты коргоого жана тазалыкка болгон кызыгуусу артканын кубануу менен белгиледи, бирок бул демилгелерди ишке ашыруу үчүн материалдык, моралдык жана уюштуруучулук колдоонун жоктугун баса белгиледи. Э. Капарова Сары-Камыш айылындагы таштанды көйгөйүнүн, айрыкча жайкы туристтик мезгилде таштандылардын көлөмү кескин көбөйүп, таштандыларды өз убагында чыгаруу механизмдери жок экенин баса белгиледи. Мектеп директору Саткын уулу Ш. атайын техниканын, тагыраак айтканда таштанды ташуучу унаанын жоктугу чоң кыйынчылыктарды жаратып жатканын ырастады.

Тегерек столдун эң маанилүү бөлүгү суроо-жооп форматындагы биргелешкен талкуу болду, анда катышуучулар экологиялык көйгөйлөрдү активдүү талкуулап, ар кандай пикирлерди жана байкоолорду айтышты.

Ысык-Көл Орхус Борборунун менеджери С. Турсунакунов катышуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, таштанды челектеринин санын көбөйтүү жана калкты таштандыларды сорттоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле, Орхус Конвенциясынын принциптерине ылайык, коомчулукка маалымат берүү жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча аракеттерди күчөтүү керектигин баса айтты.

Диалогдун жүрүшүндө катышуучулар айлана-чөйрөнү коргоо жалпы милдет экенин жана бардык тараптар – жергиликтүү бийлик, жарандар, мектептер жана уюмдар – биргелешип иштөөсү керектигин белгилешти.

Тегерек стол ийгиликтүү өтүп, анын натыйжасында Орхус Конвенциясынын мааниси жана жарандардын экологиялык укуктары жөнүндө түшүнүк кеңейди. Жергиликтүү көйгөйлөр боюнча конкреттүү сунуштар иштелип чыкты. Тактап айтканда, Кыдыр Аке айыл өкмөтүнө Сары-Камыш айылындагы таштандыларды өз убагында чыгаруу үчүн атайын техниканы алуу сунушталды. Ысык-Көл Орхус Борбору ушул сыяктуу тегерек столдорду башка айылдарда да өткөрүү пландары тууралуу билдирди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *