КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨГӨ ТИЙИШТҮҮ МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА СОТ АДИЛЕТТИГИНЕ ЖЕТИШҮҮ

Чечимдерди кабыл алуу процессинде коомчулуктун катышуусу жана маалыматтуулукка жетишүүсү натыйжалуу болуусу үчүн, коомчулуктун жалпы юрисдикциялык сотко кайрылууга мүмкүндүгү болуш керек же болбосо административдик териштирүү процедурасынан пайдалануусу керек. Чыгарылган чечимдерди кайра кароонун ушундай механизми, мамлекеттик органдардын чечимдерине карата даттануу үчүн зарыл каражат болууну камсыз кылат жана Конвенцияны натыйжалуу ишке ашырууга кепил болот.

Сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүккө баардыгы – ар башка жарандар, өкмөттүк эмес уюмдар, мамлекеттик кызматчылар жана компаниялар ээ боло алат.

Кыргыз Республикасынын Орхус Борборлорунун 2015-2018-жылдарга бекитилген Стратегиялык Өнүгүү Планына ылайык, Орхус Конвенциясынын принциптерин аткаруу боюнча, курчап турган чөйрөгө тиешелүү маселелер боюнча сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүк маселелериндеги негизги милдеттер төмөнкүлөр болуп саналат:

  • Коомчулуктун кеңири катмарынын туруктуу өнүгүүдө жана курчап турган чөйрөнүн көйгөйлөрүн чечүүдө натыйжалуу катышуунун кызыкчылыгында экологиялык укуктар жөнүндө маалыматтуулук деңгээлин жогорулатуу.

Ушул милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөндөгү иш чаралар каралган:

  • түзмө түз кооптуу экологиялык жана техногендик зоналарга жакын жашаган, калкка жана жаратылыш ресурстарын керектөөчүлөр үчүн экологиялык укук боюнча ошол жеринде болуу менен ачык консультацияларды өткөрүү;
  • Жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана юрист – студенттер үчүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын региондорунун деңгээлинде билимдик –тажрыйбалык Экологиялык Укуктук мектептерди уюштуруу;
  • Эл аралык жана улуттук экологиялык укук боюнча курстарды жана окуу программаларын иштеп чыгууда жана өркүндөтүүдө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Окуу Борбору жана Мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу Борбору менен кызматташуу;
  • Жарандардын экологиялык укуктарын коргоо боюнча иш аракеттерин өркүндөтүү жана жылдыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Омбдусмен институтун жана коомдук укук коргоочу уюмдарды тартуу.