ТҮШТҮК-ЧЫГЫШ ЕВРОПА, ТҮШТҮК КАВКАЗ ЖАНА БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ ОРХУС БОРБОРЛОРУНУН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН ЖОЛУГУШУУСУ

vstrecha-rukovoditelej-orhusskih-tsentrov-yugo-vostochnoj-evropy-yuzhnogo-kavkaza-i-tsentralnoj-azii

2015-жылдын 3-4 -июнунда Австриядагы Вена шаарында Түштүк-Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азиядагы Орхус Борборлорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору К.Исабаев жана КРӨ КТЧКТЧМАнын экологиялык стратегия жана саясат башкармалыгынын башчысы Д.Беккулова өздөрүнүн презентациялары менен сөз сүйлөштү.

vstrecha-rukovoditelej-orhusskih-tsentrov-yugo-vostochnoj-evropy-yuzhnogo-kavkaza-i-tsentralnoj-azii

Д.Беккулованын презентациясынын негизине Кыргыз Республикасындагы Орхус Борборлорунун 2015-2018-жылдарга Стратегиялык өнүктүрүү планы кирген. Жолугушуунун катышуучулары тарабынан бардык презентациялар жакшы кабыл алынып, сессиянын модераторлору тарабынан белгиленди.  Сүйлөгөн сөздөр боюнча өткөн жылдагыга караганда ушул жолугушуунун айырмасы төмөндөгүдөй мүнөздөлдү: региондогу Орхус Борборлорунун санынын көбөйүшү, Конвенциянын принциптерин жогору карай динамикалык жылдырууга жагдай түзүү, курчап турган чөйрөнү сактоодо коомчулукту жана кызыкдар болгон мамлекеттик түзүмдөрдүн санын кеңейтүү, чек аралык долбоорлорду ишке ашырууну өнүктүрүү, коомчулуктун экологиялык укук коргоо боюнча маалыматтуулугу, укук бузуулардын укук коргоо органдары тарабынан каралышынын көбөйүшү.
Курчап турган чөйрөнү сактоо маселелеринде региондогу Орхус Борборлорунун ролун жогорулатуу боюнча, коомчулуктун экологиялык укук коргоо тутумун өнүктүрүү, жергиликтүү бийлик органдары менен ишти күчөтүү жана Орхус Конвенциясынын принциптерин өз ишинде пайдалануу боюнча аларды окутууну жүргүзүү керектиги, курчап турган чөйрөнүн бузулуу жаатындагы аныкталган жана керектүү маалыматты жайылтууда масс-медианы тартуу боюнча региондогу Орхус Борборлорунун алдына милдеттер коюлду.