Бишкек шаарындагы Орхус Борбору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өнөктөштөрү менен жолугушуусу

2026-жылдын 1-апрелинде Бишкек шаарындагы Орхус Борбору ЕККУнун (ОБСЕ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин Кыргызстандагы өнөктөш уюмдар менен болгон консультациялык жолугушуусуна катышты. Бул уюмдар менен экономика жана экология чөйрөсүндөгү ар кандай долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында бир нече жылдан бери кызматташуу жүрүп келет.

Жолугушуунун негизги максаты — өнөктөштөр ортосундагы 2025-жылдагы биргелешкен иштин жыйынтыктарын талкуулоо жана 2026-жылга пландаштырылган иш-чаралар тууралуу маалымат алуу болду. Катышуучулардын алдында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи доктор Фолькер Фробарт жана КР Тышкы иштер министрлигинин Экономикалык дипломатия департаментинин жетекчиси А. Атаханов куттуктоо сөздөрү менен чыгышты.

Андан соң ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин улуттук кеңешчилери презентация жасап, өткөн жылдагы ишмердүүлүк жана келечектеги пландар тууралуу маалымат беришти. Презентациялардан кийин өнөктөштөр ортосунда натыйжалуу талкуу жүрүп, анда иштин жыйынтыктары каралды жана кийинки жылга кызматташууну улантуу боюнча сунуштар айтылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *