Орхус Борборлорунун Европада өткөн кезектеги жолугушуусу
2025-жылдын 30-октябрынан 31-октябрына чейин Австриянын Вена шаарында Түштүк-Чыгыш Европа, Закавказье жана Борбордук Азиядагы Орхус Борборлорунун кезектеги жылдык жолугушуусу болуп өттү. Ага Кыргызстандан Бишкек жана Ош шаарларынын Орхус Борборлорунун (ОБ) жетекчилери катышты.
Эки күндүн ичинде жолугушууда «Гендердик Интеграция маселелери боюнча потенциалды жогорулатуу курсу» (1-күн) талкууланып, экинчи күнү (31-октябрь) ОБ өкүлдөрүнүн өз жолугушуусу өттү.
Экинчи күнү «Экологиялык маселелер боюнча сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү күчөтүү» деген темада Бишкек шаарындагы ОБнын жетекчиси Адиль Нурбеков маалымат менен чыгып сүйлөдү.
А. Нурбеков өз докладында ОБнын мамлекеттик түзүмдөр, коомдук уюмдар жана юриспруденция жаатындагы көз карандысыз эксперттер менен биргеликте экологиялык укуктук багыттар боюнча жүргүзгөн ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди, анын ичинде Орхус Конвенциясынын принциптерин ишке ашыруу да камтылды. Бул иштерге ар кандай окутуучу жана маалыматтык тренингдерден, коомдук угуулардан баштап, консультациялык жолугушууларга жана экологиялык укуктарды коргоо боюнча арыздарды кароого көмөк көрсөтүүгө чейинки иш-чаралар кирди.
Белгилей кетүүчү нерсе, мындай жолугушуулардын аркасында ОБлар өз иш тажрыйбалары менен бөлүшүшүп, жетишкендиктерин көрсөтүшүп, башкалардан тажрыйба алып, аны өз иштеринде колдонушат. Жыйынтыгында бул жолугушуу ишкердик кызыкчылык жана ишке ак ниеттүү мамиленин шартында өттү.


























