Эки жылдык транспаренттүүлүк боюнча отчетту жана 5-Улуттук билдирүүнү даярдоо долбоорунун ишке кириши

2026-жылдын 10-мартында «Парк Отель» мейманканасында Бишкек шаарындагы Орхус борбору «БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын транспаренттүүлүк жөнүндө экинчи эки жылдык биргелешкен докладын жана Бешинчи улуттук билдирүүсүн даярдоо» долбоорун ишке киргизүү боюнча семинарга катышты. Бул семинар КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан БУУӨПтүн (ПРООН) КРдагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулду. Кыргыз Республикасы БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын жана Париж келишиминин Тарабы катары Кеңейтилген транспаренттүүлүк алкактарынын (РРТ) негизинде отчеттуулукту жана айкындуулукту камсыздоо боюнча милдеттенмелерди алат. Бул милдеттенмелерге ылайык, бардык Тараптар парник газдарынын (ПГ) кадастры, жумшартуу (митигация) чаралары, адаптациялык аракеттер, ошондой эле алынган жана зарыл болгон колдоолор боюнча так жана ачык отчеттуулукту камсыз кылуу менен Эки жылдык транспаренттүүлүк отчетторун (ДДТ) жана Улуттук билдирүүлөрдү (НС) сунуштоого милдеттүү.

ДДТ1–2 жана НС5 даярдоо боюнча долбоор Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) жана БУУнун курчап турган чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП) тарабынан каржыланат. Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө БУУ КӨАК алкагындагы отчеттуулук талаптарын аткарууга жана улуттук транспаренттүүлүк тутумун институттук чыңдоого колдоо көрсөтүү максатында БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) тарабынан ишке ашырылууда. Долбоордун негизги аткаруучу органы — КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги.

Иш-чаранын негизги максаттары:
-Биргелешкен ДДТ2/НС5 отчетторун даярдоону расмий түрдө баштоо;
-ДДТ1ди даярдоо учурунда алынган негизги натыйжаларды жана тажрыйбаларды сунуштоо;
-ДДТ2/НС5тин түзүмү, техникалык талаптары жана даярдоо графиги менен тааныштыруу;
-Мамлекеттик органдардын жана эксперттик топтордун ролдорун жана жоопкерчиликтерин аныктоо;
-Министрликтердин, ведомстволордун, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана техникалык эксперттердин ортосундагы координацияны күчөтүү;
-Отчеттуулукту өз убагында жана сапаттуу даярдоо үчүн кийинки кадамдарды жана «жол картасын» аныктоо.

Долбоор 2026-жыл ичинде ишке ашырылат. Анын ишин министрликтердин жана ведомстволордун макулдугу менен Жаратылыш ресурстары министринин буйругунун негизинде түзүлгөн Ведомстволор аралык жумушчу топ көзөмөлдөйт. Бул топ БУУ КӨАК алкагындагы Докладды жана 5-Улуттук билдирүүнүн натыйжаларын объективдүү жана натыйжалуу түзүүгө жооптуу болот.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *