Кыргызстандын Орхус борборлору жаштарды жаратылышты коргоого тартууда
Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен 23-апрелден 29-апрелге чейин Бишкек, Нарын жана Чолпон-Ата шаарларында Орхус борборлору тарабынан мектеп окуучулары жана студенттер үчүн көчмө окуу сабактары уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — жаштарды өлкөнүн жаратылыш ресурстарына аяр мамиле жасоого тартуу, аларды коргоо боюнча керектүү чаралар жөнүндө билим берүү, ошондой эле эл аралык Орхус конвенциясынын колдонулушу жана Кыргызстандагы Орхус борборлорунун ишмердүүлүгү менен тааныштыруу болду. Окутуу үчүн айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык көйгөйлөр боюнча маалымдоо тармагында чоң тажрыйбасы бар эксперт чакырылган.
23-апрелде алгачкы сабак Нарын шаарындагы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттери үчүн өткөрүлдү. Анда «Экологияны коргойлу жана суу ресурстарын сактайлы» жана «Нарын Орхус борборунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү» деген темаларда презентациялар сунушталды.
24-апрелде Чолпон-Ата шаарындагы А. Осмонов атындагы орто мектептин окуучулары үчүн «Жашоо гармониясы: суу-жер-өмүр» деген темада окуу сабагы өттү.


29-апрелде К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Чүй облусунун эки мектебинин окуучулары үчүн «Аймактын жашоочуларына жагымдуу айлана-чөйрөнү сактоого жаштарды тартуу» деген темада тренинг өткөрүлдү. Тренерлер «Экология жана айыл чарбасы» жана «Жаштар жана Орхус борборлору» темаларында материалдарын сунушташты. Презентациялардан жана талкуулардан кийин университеттин окутуучулары тарабынан окуу жайдын факультеттеринин бириндеги «Суу» музейине экскурсия уюштурулду.


Бул окуу иш-чаралары өсүп келе жаткан муунду айлана-чөйрөнү сыйлоого тарбиялоодо жана адам үчүн жагымдуу чөйрөнү сактоо эрежелерин үйрөтүүдө чоң мааниге ээ болду.



























