Ысык-Көл Орхус Борбору

2017-жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарындагы Орхус борборунун филиалы болгон- Ысык-Көлдөгү Орхус Борборунун ачылышы болуп өттү.

Орхус Борбору мамлекеттик түзүмдөр менен тыгыз кызматташтыкта, областтык жана шаардык мамадминистрациясы, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш Ресурстары, Экология жана Техникалык Көзөмөл Министрлиги, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар Министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, ӨЭУ, эл аралык уюмдар, ЖОЖдор жана башка институттар менен бир катар экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө аракеттенет. Борбор экологиялык маалыматка жеткиликтүүлүккө ыкчам жетишүүгө шарттарды түзөт, чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун активдүү катышуусун камсыз кылууда мамлекеттик колдоо потенциалын жогорулатат, ар башка тараптардын ортосунда, өз ара аракеттенүүдө ишеним атмосферасын түзүүгө жардам берет.

Мында, Борбор тарабынан сунушталган бардык көрсөтүлгөндөр жана маалыматтар, расмий статуска ээ болот, бул маалыматтардын сапатын жана аныктыгын жакшыртат, ошондой эле сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүк укугун ишке ашырууда пайдалануу мүмкүндүгүн берет.

Борбордун дареги: Чолпон-Ата шары, Советская көч., 214

Байланыш маалыматтары: +996 (3943) 42709; +996 708 026 400; электрондук почта: aarhuscentre.ik@gmail.com

 

Турсунакунов Сулайман Сагынбекович Ыссык-Көл Орхус Борборунун жетекчеси
Орозогазиева Салтанат

Эгембердиевна

Ыссык-Көл Орхус Борборунун

маалыматтык адиси