Жаштарга жаратылышты урматтоонун негиздерин үйрөтүү

2025-жылдын 16-сентябрында Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында «Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө жаштардын ролу. Жаштардын экологиялык сабаттуулугун жогорулатуу жана айлана-чөйрөнү коргоого катышуу» деген темада тегерек стол болуп өттү. Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен Ысык-Көл Орхус борбору тарабынан уюштурулган.

Бул иш-чара Чолпон-Ата шаарындагы А. Осмонов атындагы мектептин 10-классынын окуучулары үчүн, мектептин мугалимдеринин жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын (ЫАБ) кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулду.

Тегерек столдо КР ЖЭТКМ ЫАБнын орун басары М. Муратов, Ысык-Көл Орхус борборунун (ЫОБ) менеджери С. Турсунакунов, ЫОБнун ассистенти С. Орозогазиева, ошондой эле Осмонов мектебинин биология мугалими К. Исмаилова мектеп билиминин айлана-чөйрөнү сактоого кошкон салымы жөнүндө маалыматтары менен чыгып сүйлөштү.

Тегерек стол жаштардын айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышка урмат менен мамиле кылуу боюнча билимдерин жогорулатууга багытталган ар кандай түшүндүрүүчү материалдарды жана видео сюжеттерди колдонуу менен окутуу атмосферасында өттү.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *