Ысык-Көлдөгү жаштардын жолугушуусу
2025-жылдын 25-сентябрынан 28-сентябрына чейин Бишкек, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын Орхус Борборлору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен «Жаштардын айлана-чөйрөнү сактоо негиздери боюнча билимин жогорулатуу» темасында көчмө окутуу өткөрүштү. Иш-чарага Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттери Ысык-Көл жээгине чогулушту.
Иш-чаранын биринчи этабында таанышуу жолугушуулары жана студенттик топтордун презентациялары, бардык Орхус Борборлорунун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтык презентациялар болуп өттү. Ошондой эле, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (ЖРЭТКМ КР) Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын жана Кыргызстандагы Борбордук Азиянын Регионалдык экологиялык борборунун (БАРЭБ) чакырылган жетекчилери өз материалдары менен чыгып сүйлөп, SMM боюнча мастер-класс өткөрүлдү.
Экинчи бөлүктө студенттер үчүн «Орхус Конвенциясы – жаратылыш менен бакубат жашоонун жана анын абалы үчүн жоопкерчиликтин кепилдиги» деген темада тренинг өткөрүлдү. Окутуунун жүрүшүндө студенттер эл аралык Конвенция, анын принциптери жана жоболору тууралуу билим алышты, Орхус Конвенциясынын бардык бөлүмдөрү жана аны күнүмдүк турмушта колдонуу ыкмалары каралды. Конвенциянын 3 принцибине тиешелүү беренелерге өзгөчө көңүл бурулуп, алардын ар биринин маанисине токтолушту.
Жаштар ошондой эле үй тапшырмаларын жана окутуунун жүрүшүндө аткарган тапшырмаларын тартуулашты. Айрыкча, экологиялык темага арналган кыска видеоролик даярдоо тапшырмасы аларга жакты.
Тренинг учурунда катышуучулар берилген материалдарга кылдат мамиле жасап, сунушталган тематика менен кызыгуу менен таанышып, көптөгөн суроолорду беришти жана Конвенцияны колдонуу боюнча өз идеяларын сунушташты.
Тренингдин соңунда алардан материалдарды берүү ыкмалары, тартуу жана окутууга болгон кызыгууну арттыруу ыкмалары боюнча сунуштар айтылып, лекторлор менен биргеликте тренинг материалдарын даярдоого жана тартуулоого катышуу сунуштары берилди.
Аягында бардык катышуучуларга сувенирлер жана окууну аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.