Экологиялык адилеттүүлүк боюнча конференция
2025-жылдын 25-сентябрында Ысык-Көлдө «ЭКОЛОГИЯЛЫК АДИЛЕТТҮҮЛҮК: КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА КЕЛЕЧЕК» деген темада конференция өттү. Бул иш-чара Кыргызстанда экологиялык укуктардын сакталышы жана корголушу боюнча сот системасынын ишин талкуулоого багытталган.
Конференциянын иши башталганга чейин Улуттук диалог аянтчасынын (УДА) мүчөлөрүнүн 3-жолугушуусу болуп өттү. Анын курамына КР Жогорку Соту, КР Башкы прокуратурасы, КР Юстиция министрлиги, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, КР Адвокатурасы жана КР Орхус Борбору кирет.
Бул жолугушууда УДА мүчөлөрүнүн өткөн мезгилдеги экологиялык укук, Конституциянын сакталышы жана экологиялык адилеттүүлүктү камсыздоо боюнча аткарган иштеринин маалыматтык материалдары каралды. Орхус Борборунун атынан Ысык-Көл Орхус Борборунун менеджери С.Турсунакунов баяндама жасап, Орхус Борборлорунун тармагынын ишмердүүлүгүнө токтолуп, Орхус Конвенциясынын принциптерине ылайык сот адилеттигине жетүү боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди.