Эко-милиция менен биргелешкен иш-чара

2025-жылдын 24-сентябрында Каракол шаарынын мэриясынын жыйындар залында Ысык-Көл Орхус борбору тарабынан «КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция, коомдук уюмдар менен Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча биргелешкен ишмердүүлүгү. КР айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзам актылары» темасында тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун ишине төмөнкүлөр катышты: КР ЖРЭТКМ Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын начальниги – М. Кыштобаев, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын начальниги – К. Тентимишев, Ысык-Көл ОИИБдин начальнигинин коомчулук менен байланыш боюнча орун басары, милициянын подполковниги – М. Абдраев, КР Транспорт министрлигинин, КР Улуттук илимдер академиясынын, Ысык-Көл облусунун Балык чарба департаментинин өкүлдөрү жана туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери, экология тармагындагы эксперттер.

Тегерек столдун жүрүшүндө туристтик-экологиялык милициянын ишмердүүлүгү, жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу, балык уулоо эрежелери, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу методикасы, суу транспортун пайдалануу эрежелери, атмосфералык абаны сактоо боюнча жарандардын жоопкерчилиги, браконьерликке каршы күрөш жана экологиялык укук бузуулар тууралуу маалыматтар берилди.

Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери Ысык-Көлдүн эндемикалык балык түрлөрү, башка региондордон алынып келинген балыктар, балыктардын урук чачуу мөөнөттөрү, Кызыл китепке киргизилген түрлөр тууралуу кеңири маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Эксперттер туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлерине зыяндын ордун эсептөө, аңчылык жана балык уулоо эрежелери, браконьерлик, аңчылык жерлеринин чек аралары жана Ысык-Көлдөгү уруксат берилген балык уулоо аймактары боюнча толук түшүндүрмө беришти. Тегерек столдун аягында туристтик-экологиялык милиция кызматкерлерине ченемдик-укуктук актылардын жыйнагы тапшырылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *