Соң-Көлдөгү экологиялык мониторинг
2025-жылдын 15-сентябрында КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (ЖРЭТКМ КР) Нарын аймактык башкармалыгынын экологиялык кызмат адиси А. Жакшылыков жана Каратал-Жапырык коругунун илимий кызматкерлери Т. Өмүралиев жана А. Асанова менен биргеликте Соң-Көл көлүндөгү айлана-чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүлдү.
Бул иш-чаранын максаты төмөнкүлөр болгон:
Экологиялык көйгөйлөрдүн айлана-чөйрөнүн абалына тийгизген таасирин, адамдын биоартүрдүүлүктү сактоого тийгизген таасирин жана эс алуучу жайларда таштанды төгүүчү жайлардын пайда болушун изилдөө;
Топурактын, чөптөрдүн жана канаттуулардын түрлөрүнүн абалын, алардын тиричилигин жана коруктун флорасы менен фаунасына тийгизген таасирин, ошондой эле адамдардын жаратылыш жайларын көрктөндүрүүгө болгон мамилесин талдоо;
Суунун органикалык абалын аныктоо;
Суунун химиялык абалынын флора жана фаунага тийгизген таасирин изилдөө.
Мониторинг үчүн көлдүн айланасындагы коруктун бир нече аймагы тандалып алынган.
Көлдүн жээгинде чөп катмарына жана топуракка визуалдык баалоо жүргүзүлдү. Мындан тышкары, атайын жабдуулардын жардамы менен көлдөгү көчмөн канаттууларга байкоо жүргүзүлдү.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары ЖРЭТКМге жана бул тармакта иштеген башка кызыкдар тараптарга берилет.