Айыл өкмөт кызматкерлери үчүн семинар

2024-жылдын 24-сентябрында Бишкек шаарынын Свердлов районунун Аламүдүн айылында Аламүдүн МТУнун кызматкерлери үчүн семинар болуп өттү. Бул семинардын негизги максаты катышуучуларды Орхус Борборунун иши менен тааныштыруу, Орхус Конвенциясынын жоболорун түшүндүрүү, Бишкек шаарынын жана шаар четиндеги конуштардын экологиялык абалы жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле Орхус чөйрөсүндөгү кызыктырган суроолорго жооп берүү.

Отурумдун экинчи бөлүгүндө “ Орхус конвенциясын алкагында жер мыйзамдарын колдонуу маселелери” темасында Орхус Конвенциясынын эксперти тарабынан баяндама жасалды. Бул жерде эксперт жер мыйзамдарына жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана жаңычылдыктарды колдонуу боюнча түшүндүрмө берди.

Жыйынтыгында катышуучулар иш-чарага ыраазычылыктарын билдиришип, келечекте экологиялык чөйрөдө болуп жаткан процесстер тууралуу коомчулукка маалымат берүү үчүн жолугушууларды тез-тез өткөрүп турууну каалашты.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *