Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-ϴзбек Эл аралык университетинде (КϴЭУ) көчөт отургузуу акциясы өткөрүлдү

31- март 2023 – жылы КϴЭУтинде “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында  “Парктар маршы” жана “Эл аралык Жер күнүнө” карата көчөт отургузуу акциясы өткөрүлдү.

Бул иш-чараны Ош шаарындагы Орхус Борбору ЕККУнун “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин(ЖРЭТКМ) Ош, Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети, Ноокат токой чарбасы жана Ноокат районундагы “Эко Тартип” коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурду.

Акцияга Ноокат районундагы “Эко Тартип” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, КϴЭУнин ректору, ректораты, гуманитардык-педогогикалык факультетинин мугалимдери жана студенттери, жогоруда аталган мекемелердин адистери, Ош-Жаңырыгы газетасынын, ЭлТР, Ынтымак  телерадиокомпанияларынын журналисттери болуп жалпысынан 76 киши катышты.

Иш-чаранын ачылышында Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев, КϴЭУнин ректору Ч. К. Райымбаев жана профессору Ж. Самиева, КР   ЖРЭТКМ Ош, Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы А. А. Чынкараев, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Ж. Жусупбеков, Ноокат районундагы “Эко Тартип” коомдук бирикмеси башчысы А. Тотонов, “Ош Жаңырыгы” газетасынын редактору, Орхус Борборунун консультативдик кеңешинин мүчөсү А. Каракозуев сөз сүйлөшүп, жаштарды ар кандай экологиялык иш-чараларга активдүү катышууга жана жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырышты.

Орхус Борборунун адиси А. Матисаев “Жашыл Мурас”, “Парктар маршы” жана “Эл аралык Жер күнү” боюнча студенттерге кеңири маалымат берди.

2022-2023 -жылдары  “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында уюштурулган акцияларга активдүү катышкандыгы  жана кошкон салымдары үчүн “Эко Тартип” коомдук бирикмесинин башчысы А. Тотоновко КϴЭУнин ректору Ч. К. Райымбев Ыраазычылык катын тапшырды. Ошондой эле бирикменин мүчөлөрү А. Сапарбай уулу, Т. Бакытбек уулу, С. Сапарбай уулу, А. Абытбек уулу жана К. Мариповдорго Орхус Борборунун жана Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланды.

Акциянын жүрүшүндө 60тан ашуун дарак отургузулду(ак кайын, Тянь-Шань карагайы жана арча).

ЭлТР, Ынтымак телерадиокомпанияларынын, Ош-Жаңырыгы газетасынын журналисттери тарабынан акция жөнүндө атайын маалыматтар даярдалып коомчулукка чагылдырылды.

Соңунда акциянын уюштуруучулары катышуучуларга ыраазычылык билдирип, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда жана айлана чөйрөнү коргоодо кызматташууга даяр экенин билдирип, алдыда студенттер менен бирге өткөрүлүүчү экологиялык иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *