«Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» мыйзамы боюнча тегерек стол өткөрүлдү

14-апрель 2025-жылы Ош облусундагы Кыргыз-Ата жаратылыш улуттук паркында «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» мыйзамы боюнча тегерек стол өткөрүлдү.
Бул иш-чараны Ош шаарындагы Орхус Борбору, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин (ЖРЭТКМ) алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын(ЭТКК) Ош регионалдык башкармалыгы менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун(ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеӊсесинин “Жашыл экономикага жана айлана-чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурду.


Тегерек столго Кыргыз-Ата жаратылыш улуттук паркынын адистери, Ноокат токой чарбасы, Зулпуев, Гулистан айыл өкмөттөрүнүн жер, өзгөчө кырдаалдар адистери, жайыт комитеттери, “Эко Тартип” коомдук бирикмесинин Ош, Баткен областары боюнча өкүлдөрү, КР ЖРЭТКМ алдындагы ЭТКК Ош регионалдык башкармалыгынын мамлекеттик инспектору жана Орхус Борборунун адистери болуп жалпысынан 20 киши катышты.
Иш-чараны Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев ачып, Орхус Борборунун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.


Орхус Борборунун адиси А. Матисаев «Полимер пленкасынан жасалган пакеттер жана пластик буюндарынын айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасири», «Чирүү(жок болуу) мөөнөтү», «Мы Едим Пластик! Пластик в мировом океане» аталышындагы видеофильм, «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» мыйзамы, «Эл-аралык тажырыйбалар» жана «Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодекси» боюнча презентация жасап маалымат берди.

КР ЖРЭТКМ алдындагы ЭТКК Ош регионалдык башкармалыгынын мамлекеттик инспектору У. Биймамат уулу «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын талаптарын жана айлана-чөйрө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айып салуу», «Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө башкаруу тартибине каршы укук бузуулар» боюнча маалымат берип катышуучулардын суроолоруна жооп берди.


Андан соӊ талкуу болуп Кыргыз-Ата жаратылыш улуттук паркына төмөнкү сунуштар берилди:
-Парктын өткөрмө пунктундагы маалымат тактасына «Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында полимер пленкасынан жасалган пакеттерин жана пластик буюмдарын алып кирүүгө тыюу салуу» мыйзамын,
-Айып пул өлчөмү боюнча плакаттарды илүү;
-Социалдык баракчаларды активдештирүү;
-Калкка мыйзам талаптарын түшүндүрүү иштерин айыл өкмөттөрү менен бирге иш алып баруу сунушталды.
Кыргыз-Ата жаратылыш улуттук паркынын мүдүрү А. Эргешов Орхус Борборунан полимер жана пластик буюмдарын чектөө, айлана-чөйрөгө тийгизген таасири туралуу плакат, таркатма материал чыгарып берүүнү суранды.
Соӊунда КР Кызыл китебине кирген жаныбарлар, канаттуулар жана өсүмдүктөр боюнча плакаттар улуттук паркка берилди.
Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси А. Матисаев.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *