«Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» мыйзамы боюнча тегерек стол өткөрүлдү

22-апрель 2025-жылы Баткен облусундагы Кадамжай районунун Сурма-Таш мамлекеттик жаратылыш коругунда «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» мыйзамы боюнча тегерек стол өткөрүлдү.


Бул иш-чараны Ош шаарындагы Орхус Борбору, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин (ЖРЭТКМ) алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын(ЭТКК) Баткен регионалдык башкармалыгы менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун(ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеӊсесинин “Жашыл экономикага жана айлана-чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурду.

Тегерек столго Сурма-Таш мамлекеттик жаратылыш коругунун адистери, Үч-Коргон токой чарбасы, КР ЖРЭТКМ алдындагы ЭТКК Баткен регионалдык башкармалыгынын мамлекеттик инспектору, “С. Тажибев”, “Дыйкан” жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери, окуучулары жана Орхус Борборунун адистери болуп жалпысынан 50дөн ашык киши катышты.
Иш-чараны Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев ачып, Орхус Борборунун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.
Орхус Борборунун адиси А. Матисаев «Полимер пленкасынан жасалган пакеттер жана пластик буюндарынын айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасири», «Чирүү(жок болуу) мөөнөтү», «Мы Едим Пластик! Пластик в мировом океане» аталышындагы видеофильм, «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» мыйзамы, «Эл-аралык тажырыйбалар» жана «Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодекси» боюнча презентация жасап маалымат берди. Сурма-Таш мамлекеттик жаратылыш коругу туралуу видеоролик көрсөтүлдү.

КР ЖРЭТКМ алдындагы ЭТКК Баткен регионалдык башкармалыгынын мамлекеттик инспектору А. Ташкенбаев «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын талаптарын жана айлана-чөйрө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айып салуу», «Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө башкаруу тартибине каршы укук бузуулар» боюнча маалымат берип катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Андан соӊ талкуу болуп Сурма-Таш мамлекеттик жаратылыш коругуна төмөнкү сунуштар берилди:
-Коруктун өткөрмө пунктундагы маалымат тактасына «Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында полимер пленкасынан жасалган пакеттерин жана пластик буюмдарын алып кирүүгө тыюу салуу» мыйзамын,
-Айып пул өлчөмү боюнча плакаттарды илүү;
-Ушул багытта социалдык баракчаларды активдештирүү;
-Калкка мыйзам талаптарын түшүндүрүү иштерин айыл өкмөттөрү менен бирге иш алып баруу сунушталды.
Окуучулар тарабынан тийиштүү адистерге айлана-чөйрөнү коргоо тармагы боюнча суроолор берилди. Адистер жооп берип, өз насааттарын беришти.


Соӊунда КР Кызыл китебине кирген жаныбарлар, канаттуулар жана өсүмдүктөр боюнча плакаттар Сурма-Таш мамлекеттик жаратылыш коругуна, Үч-Коргон токой чарбасына, «С. Тажибев”, “Дыйкан” жалпы билим берүү мектептерине берилди. Кошумча мугалимдер үчүн «Руководство для учителей по дополнительному экологическому образованию» китептери тапшырылды.
Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси А. Матисаев.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *