«Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүнө карата Баткен районуна караштуу Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бужум айылында көчөт отургузуу акциясы өткөрүлдү
8-9-апрель 2025-жылы Баткен районуна караштуу Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бужум айылындагы «Бужун» жалпы билим берүү мектебинин, Фельдшердик-акушердик пункттунун(ФАП) жана Бужун мечиттинин айланасын жашылдандыруу боюнча акция өткөрүлдү.
Бул иш-чараны Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун(ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеӊсесинин каржылык колдоосу менен Ош шаарындагы Орхус Борбору, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Баткен регионалдык башкармалыгы(ЖРЭТКМ БРБ) жана Суу-Башы айыл өкмөтү менен биргеликте уюштурду.
Акцияга ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеӊсеси, Баткен райондук мамлекеттик администрациясы, КР Жогорку кеӊештин депутаты, Ош шаарындагы Орхус Борбору, КР ЖРЭТКМ Баткен регионалдык башкармалыгы, Суу-Башы айыл өкмөтү, Бужум айылынын тургундары, «Бужун» жалпы билим берүү мектебинин жалпы жамааты, ФАП, экоактивисттер жана массалык маалымат каражаттарынын журналисттери болуп жалпысынан 80 киши катышты.
Акциянын расмий ачылышында Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Г. Маканов, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Д. Б. Иманалиев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы, элчи А. А. Рогов, КР Жогорку Кеӊешинин депутаты Б. А. Калпаев, КР ЖРЭТКМ БРБнын башчысы А. Г. Маматалиевдер сөз сүйлөшүп акциянын маанилүүлүгүнө токтолушуп, катышуучуларга ыраазычылык билдиришти.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы, элчи А. А. Роговко Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын, КР ЖРЭТКМ БРБнын, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн ыраазычылык каттары тапшырылды. Ошондой эле Орхус Борборунун жана КР ЖРЭТКМ БРБнын атынан акцияга активдүү катышкан А. Акматов, А. Төрөев, Ө. Келдибек уулу, А. Икрамидин уулу, У. Нишанбай уулу жана А. Жолдошовторго ыраазычылык каттар тапшырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө 170 түп ак кайыӊ жана 150 түп Тянь-Шань карагайы отургузулду. Көчөттөрдү карап, суу куюу жоопкерчилиги мектеп администрациясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлдү.
Маалымат катары айта кетсек, бул социалдык үч объект: мектеп, мечит, ФАП жаӊы курулган. Эгилген көчөттөр үч объекттин аймагын көрктөндүрүп, жашылдандырды.
УТРК Баткен жана «Баткен Таӊы» гезити тарабынан материалдар даярдалып коомчулука чагылдырылып ,социальдык баракчаларга жайгаштырылды..
Акциянын соӊунда Орхус Борборунун мүдүрү К. Исбаев катышуучуларга ыраазычылык билдирип, мектепке КР Кызыл китебине киргизилген канаттуулардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн плакаттарын тапшырды.
Орхус Борборунун адиси А. Матисаев.