Парктардын эл аралык маршынын күнүнө карата ишембилик

26-апрелде Гареев атындагы Ботаникалык бакчада (жогорку зонада) 22-апрелде бүткүл дүйнө жүзү боюнча белгиленип жаткан Парктарга арналган Эл аралык марш күнүнө карата ишембилик өткөрүлдү. Ишембилик Бишкектеги Орхус Борбору тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулуп, алар жеке жабдууларды, . ичүүчү сууну, баштыктарды жана кийим-кечелерди сатып алууга жардам көрсөттү. Ботаникалык бакча көчөт отургузуу үчүн аянтты чуңкурларды даярдап, керектүү шаймандарды, анын ичинде сугаруу үчүн суу сактагычы бар тракторду даярдаган. Ишембилик башталаар алдында Ботаникалык бакчанын кызматкерлери коопсуздук боюнча окууларды өткөрүп, катышуучуларга көчөттөрдү отургузуунун эрежелерин үйрөтүштү.

Ишембилик экиге бөлүндү: жаңы бакчанын аймагына көчөт отургузуу жана 7-апрель көчөсүндөгү таштандыларды тазалоо. Иш-чарага Орхус Борборунун, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, Ботаникалык бакчанын кызматкерлери, ЦАРЭКтин өнөктөштөрү, Жашыл Альянс, Кызыл Жарым Ай, «Жердин балдары» жана «Жаштар Кыймылы» коомдук уюмдары катышты. Бишкек шаарынын тургундары да четте калбай, көчөт отургузууга бүтүндөй үй-бүлөлөрү менен активдүү катышты.




Иш-чаранын жүрүшүндө 500гө жакын ар кандай мөмөлүү сорттогу көчөттөр отургузулуп, көп сандаган желим баштыктар жана бөтөлкөлөр чогултулду.



Орхус борбору шаардын тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн эң сүйүктүү жана кооз эс алуу жайларынын бирин көрктөндүрүү иштерине катышкандардын бардыгына терең ыраазычылык билдирет.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *