Кызыл-Жар шаарчасынын аймактык башкармалыгына жакын жайгашкан уран калдыктарынын объектилерине изилдөө баалоо жана жүргүзүлдү

2017 – жылдын 15- ноябрында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин каржылык колдоосу менен Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар шаарчасынын аймактык башкармалыгына жакын жайгашкан уран калдыктарынын объектилеринин учурдагы абалына изилдөө жана баалоо жүргүзүлдү. Ага аймактык башкармалыктын башчысы О. Нурманбетов, Орун басары К. Эсенов, Жооптуу катчысы Г. Калманбетова, Аксы токой чарбасынын токойчусу Ж. Суеркулов жана Ош шаарындагы Орхус Борборунун кызматкерлери К. Исабаев жана Т. Жумабековтор катышышты.

Изилдөөнүн жана баалоонун жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталды:

  1. И. А. Торгоев, Ю. Г. Алешиндердин “Геоэкология жана Кырыгзстандын тоо өнөр-жай комплексинин калдыктары” (Бишкек 2009) деген аныктама-сөздүгү боюнча объекттин жалпы аянты 22,7 миң м2. ;
  2. Объектте көлөмү 37 миң м3 болгон 2 үймөкчө бар, аларда калыбына келтирүү жумуштары жасалган эмес жана консервацияланбаган;
  3. Объекттин үймөкчөлөр жана имараттардын калдыктары жайгашкан 4 га жери зым тосмолор менен тосулган. 1 гектарын 2013-жылы “Чинтамани” Коомдук фонду, 3 гектарын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги тарабынан 2014-жылы тосулган;
  4. Тосмонун сырткы тарабынан бир нече жерге эскертүүчү белгилер орнотулган;
  5. Объект Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Аксы токой чарбасынын аймагында жайгашкан;
  6. Объектин уран калдыктары жайгашкан 4 га жерин Кыргызстандын Өзөчө Кырдаалдар Министрлигине өткөрүп берүү жагын суранган Кызыл-Жар шаарчасынын аймактык башкармалыгынын Аксы токой чарбасына жөнөткөн 2017-жылдын 11-ноябрындагы №86 каты бар.

Изилдөөнүн жана баалоонун алкагында катышуучулар Кызыл-Жар шаарчасынын аймактык башкармалыгынын башчысы О. Нурманбетов менен жолугушушту. Жолугушууда катышуучулар башкармалыктын башчысына изилдөөнүн жана баалоонун алдын-ала жыйынтыктары боюнча маалымат беришти жана көйгөйлөрдү биргеликте чечүү жолдорун талкуулашты.

Жолугушуунун аягында бардык сунуштарды эске алуу менен маселени чечүүнүн комплекстүү чараларын иштеп чыгууга чечим кабыл алышты.

Бул изилдөө жана баалоо ОБСЕнин колдоосу менен ишке ашып жаткан “Жашыл экономика, табигый кырсыктарды азайтуу жана Орхус Конвенциясын ишке ашыруу аркылуу Кыргызстанда экологиялык коопсуздукту бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борбору тарабынан Таш-

Көмүр шаарынын Кызыл-Жар шаарча аймактык башкармалыгы жана Аксы токой чарбасы менен биргеликте өткөрүлдү.

Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борборунун Коомчулук менен иш алып баруу адиси,

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *