Соттук адилеттүүлүк жаатында тренингдерди өткөрүүнүн 2-этабы аякталды

2018-жылдын 3- августунда Ысык-Көл областынын Бостери айылындагы  «Кыргыз бермети» пансионатында Кыргызстандын соттук корпусунун 6-тренинги болуп өттү. Тренингдин өткөрүлүшү менен Орхус Конвенциясынын негизги принциптери боюнча сот адилеттүүлүгү маселелери боюнча тренингдерди өткөрүүнүн 2-этабынын аякташы болуп саналды. 3 жыл аралыгында Ош шаарындагы жана Бишкек шаарындагы укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү, экология жаатындагы өкмөттүк эмес уюмдардын  өкүлдөрү, юридикалык факультеттердин бешинчи курсунун студенттери жана регионалдык соттордун судьялары үчүн тренингдер  өткөрүлүп турган.

Акыркы жылдарда Орхус Конвенциясынын негиздерин окуп үйрөнүү боюнча жана ошондой эле Кыргызстандын негизги ченемдик укуктук актылары менен таанышып чыгуу боюнча бардыгы болуп судьялардан 120 адам , 12 студент жана өкмөттүк эмес уюмдардын  15 өкүлү окуп чыгышкан. Тренингдерди өткөрүүнүн  негизги максаты калктын экологиялык укуктарын коргоодо жана соттук тартиптеги иштерди караганда Орхус Конвенциясынын негизги принциптерин кандайча  кылып туура пайдаланууну  түшүндүрүү жана аларга  тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле, тренингдерди өткөрүүнүн  жүрүшүндө угуучулар  курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында мыйзамдуулук актылары менен жана кийинки жылдардагы киргизилген өзгөртүүлөр менен  таанышып чыгышты.

Өткөрүлгөн тренингдердин баары Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун консультанттары, укуктук эксперт, адвокат –  Болтобаева Венера жана Кыргызстандын Жогорку сотунун судьясы – Арстанбаева Дилара Эркиновнанын катышуусунда өткөрүлдү. Аталган тренинг Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьялар Кеңеши тарабынан бекитилген программалык модуль боюнча жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы соттук  укуктуулук  Жогорку мектебинин программасына ылайык өткөрүлдү. Программа Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы соттук  укуктуулук  Жогорку мектебинин ортосунда 2015-жылдын 29- июнунда кол коюлган Меморандумдун негизинде түзүлгөн. Тренингдин аягында ар бир катышуучуга сертификаттар берилди, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы соттук  укуктуулук  Жогорку мектебинин каттоо саны коюлган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2009-2016 жылдардагы  курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жыйындысы, Орхус Конвенциясы жөнүндө эскертме, тренингдин материалдары жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча башка адабияттар таратылып берилди.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *