Ысык-Көлдө кезектеги экологиялык акция өттү

21-сентябрь 2024-жылы Ысык-Көлдөгү Орхус борбору, 2024-жылга бекитилген иш-чаралардын алкагында, «Таза Ысык-Көл» коомдук фонду менен биргеликте, Чолпон-Ата шаарынын пляжында ишембилик өткөрүштү. Ишембиликке ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин кызматкерлери, Чолпон – Ата шаарындагы А.Осмонов жана И.Абдуразаков атындагы орто мектептеринин окуучулары жана мугалимдери, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Ысык – Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери,  «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун дайверлери  катышты. ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда катышуучуларга кол каптар,  таштанды салуучу баштыктар таратылып берилди. Мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары өздөрүнө бөлүнүп берилген аймактарды тазалашып,  «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун дайверлери,  суунун астынан 15 мешок ар кандай таштандыларды алып чыгышты.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *