Жаратылышты коргоо мыйзамдары боюнча КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин(ЖРЭТКМ) Баткен аймактык башкармалыгынын мамлекеттик инспекторлоруна, егерлерине жана мергенчилер коомунун өкүлдөрүнө семинар өткөрүлдү

26-сентябрь 2024-жылы Ош шаарындагы Орхус Борбору КР ЖРЭТКМ Баткен аймактык башкармалыгы менен биргеликте Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун(ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеӊсесинин «Жашыл экономикага жана айлана-чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү» долбоорунун алкагында семинар уюштурду.

Були иш-чарага КР ЖРЭТКМ Баткен аймактык башкармалыгынын мамлекеттик инспекторлору, егерлери, Баткен областык мергенчилер коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, КР ЖРЭТКМне караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын(ЭТКК) Баткен жана Ош аймактык кызматтарынын өкүлдөрү жана Орхус Борборунун адистери болуп жалпысынан 28 киши катышты.

Семинарды Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев ачып ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы, Элчи А. А. Роговко, КР ЖРЭТКМ Баткен аймактык башкармалыгынын башчысы А. Маматалиевке сөз берди. Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө кызматташтык маанилүү экендигин билдиришти.

Андан соӊ  ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеӊсесинин 25 жылдыгына карата уюштурулган сүрөт көргөзмөсүндө ЕККУнун ишмердүүлүгү боюнча Элчи А. А. Рогов маалымат берди.

Орхус Борборунун адиси А. Матисаев « КР 1999-жылдын 16-июну № 53 Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө»,  « КР 1999-жылдын 17-июну № 59 Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу» «КР 2001-жылдын 20-июну № 53 Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамдары жана «КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-май № 224 Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө» токтому, КР Укук бузуулар  жөнүндө кодекси боюнча презентация жасады.

КР ЖРЭТКМ ЭТКК Ош аймактык башкармалыгынын башчысы А. Мамырайымов өндүрүш ишканаларын текшерүү, мыйзамдардын аткарылышын(Жаратылыш ресурстарын пайдалануу, Айлана-чөйрөнү коргоо, Атмосфералык абаны жана Суу ресурстарын коргоо) көзөмөлдөө жана акт, протокол түзүүдөгү өзгөчөлүктөр боюнча маалымат берди.

Катышуучулар менен суроо-жооп болуп, инспекторлор, егерлер өз кызматтарындагы тажырыйбалары менен бөлүшүштү.

Семинардын жүрүшүндө «КР Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча укуктук ченемдик актыларынын» 4 томдук киттептерин, «Егердин күндөлүгү», «Биотехникалык иш-чаралар жана алардын мааниси», «КР Кызыл китебине киргизилген өсүмдүктөрдүн плакаттары» таратылды.

Бул иш-чара боюнча маалымат ЭЛТР ТР компаниясы тарабынан чагылдырылды.

Соӊунда Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев катышуучуларга ыраазычылык билдирип, айлана-чөйрөнү коргоодо борбор дайыма кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси А. Матисаев.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *