Майлуу-Суу жана Терек-Сайда социалдык-экономикалык өнүгүү жана радиациялык коопсуздук боюнча иш-чаралар өткөрүлдү
2026-жылдын 8–10-июль күндөрү Ош шаарындагы Орхус борбору тарабынан Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарына жана Терек-Сай айыл аймагына социалдык-экономикалык өнүгүү, Уран калдыктары жайгашкан айыл өкмөтөрүнүн арасында Улуттук кооперациянын ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу жана радиациялык коопсуздук боюнча эксперттердин иш сапары уюштурулду.
Иш-чаралардын негизги максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташууну чыңдоо, Кыргыз Республикасындагы уран мурасы бар калктуу конуштардын Улуттук кооперациясынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана жергиликтүү деңгээлде пландаштырылып жаткан демилгелерди талкуулоо болду.
Иш сапардын алкагында Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын жана Терек-Сай айыл өкмөтүнүн жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү, жооптуу катчылар жана тиешелүү адистер менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушууларда уран мурасы бар калктуу конуштардын Улуттук кооперациясынын ишмердүүлүгү, ага жаңы мүчөлөрдү тартуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу жана рекультивация иштерине коомдук мониторинг жүргүзүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле ЕККУнун эксперттери Т. Юнусов жана Р. Бейшенкулова тарабынан социалдык-экономикалык өнүгүү, радиациялык коопсуздук жана жергиликтүү долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча окутуу семинарлары өткөрүлдү. Катышуучулар радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу, жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу, каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн издөө жана туруктуу өнүгүү принциптери боюнча кеңири маалымат алышты.
Иш сапардын жүрүшүндө Ош шаарындагы Орхус борборунун директору К. Исабаев Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын жана Терек-Сай айыл өкмөтүнүн жетекчилери менен жолугушуп, долбоордун алкагындагы иш-чараларды ишке ашыруу, Улуттук кооперациянын ишмердүүлүгүн колдоо жана жергиликтүү деңгээлдеги кызматташууну кеңейтүү боюнча пикир алышты.
Мындан тышкары, Майлуу-Суу шаарында рекультивация иштерин жүргүзүп жаткан «ВИЗУТЕК Центральная Азия» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда калк арасында радиациялык коопсуздук боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында маалыматтык плакаттарды жана таратуучу материалдарды биргелешип даярдоо боюнча макулдашууга жетишилди.
Жолугушуулардын жыйынтыгында Майлуу-Суу шаарынын мэриясы «ВИЗУТЕК Центральная Азия» компаниясынын рекультивация иштеринин жүрүшү тууралуу шаардык кеңешке үзгүлтүксүз маалымат берип туруу сунушталды.
Иш сапарынын алкагында Майлуу-Суу шаарындагы жалпы билим берүүчү 14 мектептин арасында уюштурулган чакан гранттар программасынын конкурсу жыйынтыкталып, жеңүүчү деп табылган эки мектепке сертификаттар тапшырылды. Жеңүүчүлөрдүн долбоорлорун ишке ашырууга каржылык колдоо ЕККУ тарабынан көрсөтүлдү.
Өткөрүлгөн иш-чараларга Майлуу-Суу шаарынан жана Терек-Сай айыл аймагынан жалпысынан муниципалдык кызматкерлер,депутаттар болуп 45өкүл катышып, өз ара тажрыйба алмашып, эксперттердин практикалык сунуштарын алышты. Бул жолугушуулар уран мурасы бар аймактардагы радиациялык коопсуздукту чыңдоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жергиликтүү жамааттардын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Ош шаарындагы Орхус борборунун адиси Кубаныч уулу Жумабек






























