Уран мурасы бар Кыргызстандын калктуу конуштарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү
2026-жылдын 23–27-июнь күндөрү Ош шаарындагы Орхус борбору тарабынан Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө жана Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айыл өкмөтүнө социалдык-экономикалык өнүгүү жана радиациялык коопсуздук боюнча эксперттердин иш сапары уюштурулду.
Иш сапардын жүрүшүндө аталган айыл өкмөттөрдүн башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары, жооптуу катчылары, ошондой эле рекультивациялоо иштерине мониторинг жүргүзүү жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн түзүлгөн жумушчу комиссиялардын мүчөлөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушуулардын алкагында Кыргыз Республикасындагы уран мурасы бар калктуу конуштардын кооперациясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланды.
ЕККУнун эксперттери Т. Юнусов жана Р. Бейшенкулова тарабынан айыл өкмөттөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, радиациялык коопсуздук жана уран мурасы бар калктуу конуштардын кооперациясынын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча тренингдер өткөрүлдү.
Күн-Чыгыш жана Миң-Куш айыл өкмөттөрүндө өткөрүлгөн тренингдерге жана жолугушууларга жалпысынан 22 адам катышты.
Ош шаарындагы Орхус борборунун директору К. Исабаев айыл өкмөттөрдүн башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана жооптуу катчылары менен уран мурасы боюнча долбоордун алкагындагы иш-чараларды ишке ашыруу боюнча кызматташуу жана өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулады.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле уран мурасы бар калктуу конуштардын кооперациясынын туруктуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу жана тиешелүү чечимдерди жергиликтүү кеңештерде макулдашуу маселелери каралды.
Жолугушуунун катышуучулары биргелешип ишке ашырыла турган иш-чараларды талкуулап, мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын аныкташты.
«Борбордук Азиядагы уран мурасы менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар тараптарды тартуу. III фаза» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн «Миң-Куш айылын туруктуу туризм аркылуу өнүктүрүү» туристтик форумунун активдүү катышуучуларына Ош шаарындагы Орхус борборунун Ыраазычылык каттары тапшырылды.
Ош шаарындагы Орхус борборунун адиси Кубаныч уулу Жумабек





























