Ош Шаарындагы Маалмыттык Орхус Борбору

2004-жылдын 6-декабрында Ош шаарында, Ош шаарындагы Орхус Конвенциясы боюнча Маалыматтык Орхус Борборунун расмий ачылышы болуп өттү.
Ал үч уюм:ЕККУ, ПРООН жана ЮНЕПтин гранттык колдоосунун алдында ачылган. Борбор алгач 1998-жылдын 25-июнунда Даниядагы Орхус шаарында (Дания) Европа өлкөлөрүнүн курчап турган чөйрөнү коргоо министрлеринин 4- Конференциясында Орхус Конвенциясын ишке ашырууну натыйжалуу жылдыруу максаты менен түзүлгөн.
Орхус Конвенциясы – бул курчап турган чөйрөнү сактоо боюнча өркүндөлгөн жаңы типтин үлгүсү болгон конвенция жана алдыга карай багыт алган курчап турган чөйрөнү коргоо үчүн кандай болсо, демократияны өркүндөтүү үчүн ошондой эле чоң кадам боло алат. Ал экологиялык саясатты түзүүдө жана ишке ашырууда коомчулуктун катышуу укугун өнүктүрөт жана биздин бардыгыбыз үчүн курчап турган чөйрөнү жакшыртат.

Бүгүнкү күндө Борбор «Экологиялык өнүгүү» Коомдук Фонду катары катталган жана биздин иш аракетибиздин чөйрөсү кеңейген. Коомдук Фонд мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташып, областтык жана шаардык мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги, өкмөттүк эмес уюмдар, эл аралык уюмдар, жогорку окуу жайлары жана башка институттар менен бир катар экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө биргеликте аракеттенет.

Борбор түзүлгөндөн баштап, жергиликтүү жана улуттук мааниге ээ болгон бир катар иш чаралар өткөрүлдү, ошондой эле борбор бүткүл Фергана өрөөнү боюнча экологиялык көйгөйлөргө тиешелүү маселелерди талкулоо жана чечүүбоюнча, регионалдык жолугушууларды өткөрүүчү жай болуп саналат.
Демек, белгиленгендей «Курчап турган чөйрө жана коопсуздук» демилгеси менен уюштурулган жолугушуулардын, семинарлардын бир канча ирэти өткөрүлдү.

Борбордун дареги: Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 224А, 5-кабат, 15-16 -кабинет.
Контакттар: телефон (+996 3222) 24112, факс: (+996 3222) 21833, e-mail: aarhus.osh@gmail.comaarhus.kg

Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус борборунун кызматчылары

fotoosh2 Исабаев Каныбек Исламович Ош шаарындагы Маалыматтык

Орхус борборунун Директору

Мурзабекова Жылдыз Асылбековна Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус борборунун финансылык адиси
Матисаев Атабек
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис
Мамасалиев Айдарбек Майлуу-Суу шаарындагы

коомдук экологиялык маалымат

борборунун жетекчиси

Нарынбаев Артур Миң-Куш айылындагы

коомдук экологиялык маалымат

борборунун жетекчиси

Сарбашева Гульназ Майлуу-Суу шаарынын

атомдук өнөр жай жана

тарых музейинин жетекчиси