Экологиялык журналистика боюнча конкурсу жарыяланды

Бишкектеги Орхус Борбору жана Кыргыз Республикасынын жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жардамы менен журналисттер арасында  «Эко-Журналист 2022» сынак жарыялат.

Сынак Орхус Борборунун тармагында каралган иш-аракеттер стратегиясынын негизинде өткөрүлүп, анда өлкөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү, курчап турган чөйрөнүн абалын чагылдырууга, ошондой эле жашоо үчүн жагымдуу курчап турган чөйрөнү сактоо боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан көрүлүп жаткан иш-чараларды чагылдырууга, жаратылыштын абалын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүн көзөмөлдөөгө жарандык коомдун жана массалык маалымат каражаттарнын катышуусун камсыздайт.

Ушул конкурстун максаты – Коомчулуктун көңүлүн экологиялык көйгөйлөргө буруу, журналисттердин чыгармачыл жигердүүлүгүн колдоо, жаратылышты коргоо маселелерин чагылдырган экологиялык программаларда массалык маалымат каражаттарлардын катышуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, курчап турган чөйрөнү адамдар үчүн жагымдуу абалда сактоонун көйгөйлөрү тууралуу маселелерди чагылдыруу.


Конкурска катышууга чакырылат:
– кыргыз массалык маалымат каражаттарлары;
– интернет басылмалары;
– ТВнын журналисттери;
– көз карандысыз авторлор;
– жаш журналисттер.

Конкурстун шарттары – Конкурска курчап турган чөйрөгө байланыштуу макала жазууга же очерк түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар бардык адамдар катыша алышат. Материал көрсөтүлгөн мөөнөттө Талас жана Ысык-Көл аймактарында каалаган басылманын беттеринде жарыяланып, Кыргыз Республикасынын телеканалдарынын биринде көрсөтүлүшү керек. Материалдын көчүрмөсү жана  көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалымат конкурстук комиссияга тапшырылат.

Сыйлоо

Конкурс (Сынак) 3 номинация боюнча жүргүзүлөт. Ар бир номинацияда 3 жеңүүчү болот (биринчи, экинчи жана үчүнчү орундар). Ар бир жеңүүчү баалуу белектер жана  дипломдор менен сыйланат.


Конкурстун номинациялары

«Эң мыкты автордук чыгарма» (мезгилдүү ММК)

«Интернет басылмасындагы эң мыкты эмгек»;
– социалдык тармактардагы социалдык роликтер арасындагы мыкты материал

«ТВдагы жана радиодо эң мыкты телеберүү»

Конкурсту өткөрүү мөөнөтү:

– өткөрүү мөөнөтү (ММКда жарыялоо) 2022-жылдын 15-майдан  2022-жылдын 15-августка чейин;

– комиссияга материалдарды берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2022-жылдын 15-августту, саат 17:00 чейин;

– материалдарды кароо – 2022-жылдын 22 августтан 2022-жылдын 25-августка чейин;

– жеңүүчүлөрдү сыйлоо – 2022-жылдын сентябрь айында.


Катышуучулардын материалдары жиберүү дареги:

– материалдар «Эко-журналист 2022» белгиси менен aarhuscentre.kg@gmail.com (Талас областы) жана aarhuscentre.ik@gmail.com (Ысык-Көл областы) электрондук дарегине  гана жиберилет;

– суроолор болсо (0312)544110 шаардык жана +996 (773) 21-59-42 мобилдик телефонго берсе болот

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *