Студенттер Экология боюнча Олимпиадага катышууда.
Октябрь айында Орхус Борборлору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Бишкек, Каракол, Талас жана Нарын шаарларынын ЖОЖдорунун студенттеринин арасында дебат-олимпиадаларын уюштурду. Бул иш-чарага студенттердин көп саны катышып, алар экология боюнча билимди изилдөөгө жана колдонууга чоң кызыгуу көрсөтүштү.
Бишкек ш.
Нарын ш.
Талас ш.
Студенттер конкурстун жүрүшүндө жасаган иштерин көрсөтүштү, калыстар тобунун суроолоруна тапкычтык менен жооп беришти жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча күнүмдүк турмушта колдонууга боло турган даярдалган долбоорлорун көрсөтүштү.
Жеңүүчүлөргө Олимпиадаларды уюштуруучулардын жана ЖОЖдордун администрациясынын атынан сувенирлер жана дипломдор тапшырылды





























