ЭЖАО 1 (ДДТ) боюнча акыркы семинар
2025-жылдын 7-октябрында «Парк Отель» мейманканасынын конференц-залында «Кыргыз Республикасынын климаттык аракеттеринин жана колдоосунун ачыктыгы боюнча биринчи эки жылдык отчету» деген темада семинар-презентация болуп өттү. Бул иш-чара КР БУУӨП (Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы) тарабынан КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте уюштурулду.
Иш-чарага мамлекеттик түзүмдөрдүн, академиялык жана эл аралык уюмдардын, коомдук жана илимий институттардын өкүлдөрү, эксперттер жана ЖМК (Жалпыга маалымдоо каражаттары) катышты.
Семинардын жүрүшүндө КР БУУӨП эксперттери тарабынан «Кыргызстанга Демилгелердин тунуктугу жөнүндөгү кош жылдык отчетторун (ЭЖАО 1/2) жана Бешинчи улуттук билдирүүнү (УБ5) Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (БУУ КӨАК) жана Париж келишиминин (ПК) талаптарына ылайык даярдоо жана сунуштоо үчүн колдоо көрсөтүү» долбоору боюнча презентациялар көрсөтүлдү. Долбоор Глобалдык Экологиялык Фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланып, БУУнун Курчап турган чөйрө программасы (ЮНЕП) жана БУУнун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) тарабынан Кыргызстанда биргеликте ишке ашырылууда.
Долбоор Кыргызстандын БУУ КӨАК жана Париж келишими боюнча үзгүлтүксүз отчеттуулугун даярдоого колдоо көрсөтүүгө багытталган. Долбоордун негизги аткаруучусу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги болуп саналат. Бул долбоордун алкагында даярдалган ДТК жана УБ бөлүмдөрүнүн жана главаларынын мазмуну Париж келишиминин 13-беренесинде айтылган аракеттердин жана колдоонун ачыктык алкагына карата Жоболорго, жол-жоболорго жана жетекчилик принциптерге (MPGs) ылайык келет.
Биринчи ДТКны даярдоо Эл аралык талдоо жана консультациялар (ЭТК/ICA) процессинде түзүлгөн тыянактар жана сунуштар, ошондой эле улуттук эксперттер тарабынан УБ 4 (Төртүнчү улуттук билдирүү) жана КЖЖО 1 (Биринчи кош жылдык жаңыртылган отчет) боюнча мурунку иштерди өз алдынча баалоого негизделген.