2019-2023-жылдарга Улуттук иш аракеттер планы

2018-жылдын 12-октябрында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борборунун жыйындар залында ОБСЕнин каржылык колдоосу жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ош-Баткен жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондунун, ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин,  Орхус Борборунун кызматкерлеринин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлкеттик инспекциясынын Ош шаары, Кара-Суу району, Ноокат-Араван райондору боюнча аймактык башкармалыктарынын экологиялык, өнөр жай жана тоо-кен көзөмөлү боюнча инспекторлорунун, “Ош жаңырыгы”, “Эхо Оша”, “Уш садоси” облустук гезиттеринин кабарчыларынын жана волонтерлордун катышуусу менен Кыргыз Республикасында Орхус конвенциясын ишке ашыруунун Улуттук иш аракеттеринин долбоорун  талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столду Орхус Борборунун директору Исабаев К. ачып, сөздү ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин экологиялык жана экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Д. Прудцкихке берди. Ал катышуучуларга жолугушууга келгендери үчүн ыраазычылык билдирип, Орхус конвенциясынын Кыргыз Республикасында ишке ашырылышы жөнүндө айтып берди.

Эл аралык эксперт Юнусов Т. катышуучуларды Орхус конвенциясынын принциптери, Кыргыз Республикасындагы Орхус борборлорунун ишмердүүлүгүнүн 2015-2018-жылдардагы өнүгүү стратегиясынын ишке ашыруу жолдорунун жалпы көрүнүшү жана талдоосу менен тааныштырды.

Исабаев К. Кыргыз Республикасында Орхус конвенциясын ишке ашырууда Ош шаарындагы Орхус Борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө баяндама жасады.

Андан кийин Юнусов Т. Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдарда Орхус конвенциясын ишке ашыруу боюнча иш аракеттердин планынын долбоорун катышуучулар менен талкуулады. Талкуу мезгилинде катышуучулардан ар кандай сунуштар түшүп, эл аралык эксперт тарабынан алар эске алынды.

Тегерек стол аяктагандан кийин ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана Орхус Борборунун кызматкерлери Орхус Борборунун 2019-2020-жылдарга иш планын талкуулашты.

Борбордун коомчулук менен иш алып баруучу адиси,

Жумабеков Т.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *