«2023-2027-жылдары КР Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы» жана «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагындагы көчөт отургузуу акциясы өткөрүлдү.

20-апрель 2024-жылы ЕККУнун каржылык колдоосу менен Ош шаарындагы Орхус Борбору, Ош токой чарбасы, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Ош аймактык башкармалыгы(ЖРЭТКМ ОАБ), КР ЖРЭТКМ алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош аймактык башкармалыгы менен биргеликте Ош токой чарбасынын Беш-Конуш жер тилкесинде 400 даана Тянь-Шань карагайын отургузуу акциясы өткөрүлдү.

Бул иш-чарага жогоруда аталган мекеме-ишканалардын адистери, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, өкүлчүлүктүн адистери, Кара-Суу районун акими, акимчиликтин адистери, Кара-Суу районундагы айыл өкмөт башчылары, Ош мамлекеттик университетинин Табият таану, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, кафедра башчылары, мугалимдери, студенттери, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин мугалимдери, студенттери жана экологиялык активисттер болуп жалпысынан 75 киши катышышты.

Акцияны Ош токой чарбасынын башчысы Боркошев Талант Ниязович ачып, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джантаев Эльчибек Нуржадыевич, Кара-Суу районун акими Абыкеев Темирболот Асаналиевич, Орхус Борбрунун мүдүрү Исабаев Каныбек Исламович сөз сүйлөштү.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Джантаев Эльчибек Нуржадыевич акцияны каржылаган Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкек шаарындагы Програмалык кеӊсесине жана акцияны уюштурган Орхус борборуна  ыраазычылык билдирип, акциянын маанилүү экенин белгиледи. Ошундай эле акцияны башка аймактарда да уюштуруу керектигин белгиледи.

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин профессору Ж. Самиева, Ош мамлекеттик университетинин Табият таану, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, профессор А. Низамиев, Т. Абыкеев, К. Исабаев, Т. Боркошев «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын маанилүү экенин белгилеп токойлордун аянттарын көбөйтүү айлана-чөйрөгө оӊ таасирин тийгизээрин баса белгилишти.

Акция УТРК жана ОшМУнун журналисттери тарабынанан массалык маалымат каражаттарына таратылып, социалдык тармактарга жарыяланды.

Акциянын соӊунда Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси А. Матисаев.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *