Орхус Борбору жергиликтүү соттор үчүн бир катар тренингдерди өткөрүштү

Бишкек  шаарындагы Орхус Борбору Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Жогорку сот мектеби менен биргеликте  Бишкектеги ЕККУ Борборунун  программалык офисинин  колдоосу менен  «Экологиялык багыттар боюнча соттук иштерди кароодо Орхус Конвенциясынын принциптерин колдонуу»  темасында Нарын областында (2017-жылдын 3-ноябрында) жана Талас областында  (2017-жылдын10- ноябрында ) 2 тренингди өткөрүштү. Тренингдерде жергиликтүү соттордон  20 дан соттор, сот жардамчылары жана  консультанттары катышышты. Аталган тренингдин тренерлери болуп Кыргызстандагы Орхус Конвенциясынын консультанттары,  КР Жогорку сотунун соту Д.Арстанбаева жана көз карандысыз эксперт, адвокат В.Болтобаева катышышты.

Тренингдин негизги максаты болуп  угуучуларды  Орхус Конвенциясынын принциптерин колдонуу негиздерине үйрөтүү жана соттук иштерди кароодо аларга таянууну колдонуу, ошондой эле кийинки жылдарда курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында   Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарында кандай ченемдик укуктук актылар кабыл алынгандыгы айтылды.

Тренинг 6 сессиядан турат жана  өзүнө төмөндөгү темаларды камтыды:

  • «Экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында Орхус Конвенциясынын жана КР ченемдик актылардын обзору»;
  • «Экологиялык маалыматка жетүү укугу жана курчап турган чөйрөгө таасир тийгизген  чечимдерди кабыл алууда катышу  укугу»;
  •  «Соттук адилеттүүлүккө жетүү укугу»;
  • «Экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын  компетенциялары»;
  • «Соттор тарабынан  Орхус Конвенциясынын жоболорун жана   экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы  улуттук мыйзамдарды колдонуу практикасы».

Тренингдин жүрүшүндө  угуучулар өздөрүнүн кызыккан маселелери боюнча жоопторду жана зарыл болгон билимдерди ала алышты. Бишкектеги Орхус борбору тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана Бишкектеги ЕККУ Борборунун Программалык офисинин, Кыргыз Республикасындагы ПРООН  дун катышуусунда,  Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы   Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын 2009 –жылдан  2016-жылга чейинки кабыл алынган жана чогултулуп  чыгарылган  жыйындысы  таратылып берилди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *