Мурда колдонулган автомобиль дөңгөлөктөрүнүн, озон катмарын бузуучу заттардын мамлекетке кирүүсү, коопсуздуктун классификациясы жана химиялык заттарды маркировкалоо боюнча жолугушуу

2017-жылдын 14-декабрында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин каржылоосу  менен Ош шаарында мурда колдонулган автомобиль дөңгөлөктөрүнүн, озон катмарын бузуучу заттардын мамлекетке кирүүсү, коопсуздуктун классификациясы жана химиялык заттарды маркировкалоо боюнча жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда “Ош” Бажысынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ГИЭТБнин Ош шаары, Кара-Суу, Араван-Ноокат райондору боюнча Аймактык башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой-чарба агенттигинин Ош жана Жалал-Абад областтык аймактык башкармалыктарынын, “Рембыттехника” Акционердик Коомунун, ЭККУнун Бишкек шаарындагы офисинин, Ош шаарындагы Орхус борборунун кызматкерлери, “Эхо Оша”, “Ош жаңырыгы”, “Уш садоси” гезиттеринин жана “Ынтымак” ОРТРКсынын жана “НТС” ТРКсынын кабарчылары катышышты.

Ош шаарындагы Орхус борборунун директору К. Исабаев жолугушууну ачып, катышуучуларга мурда колдонулган автомобиль дөңгөлөктөрүнүн, озон катмарын бузуучу заттардын мамлекетке кирүүсү боюнча маалымат берди. Химиялык таштандыларды зыянсыздандыруу жана кайра иштетүү маселеси чечиле электигин белгиледи.

Орхус борборунун кызматкери Т. Жумабеков мурда колдонулган автомобиль дөңгөлөктөрүнүн, озон катмарын бузуучу заттардын мамлекетке кирүүсү, коопсуздуктун классификациясы жана химиялык заттарды маркировкалоо боюнча укуктук-ченемдик актылар жана дөңгөлөк  сатылган базарларда жана муздаткычтарды жана кондиционерлерди оңдоочу жана тейлөөчү жайларда борбор тарабынан өткөрүлгөн мониторингтин жыйынтыгы менен тааныштырды.

Жолугушуу учурунда Бажы, Экотехинспекция, муздаткычтарды тейлөө жана оңдоочу жайлардын, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой-чарба боюнча агенттиктин өкүлдөрүнө журналистер тарабынан ар кандай суроолор берилди.

 

Талкууда мурда колдонулган автомобиль дөңгөлөктөрүнүн жана озон катмарын бузуучу заттардын зыянсыздандыруу маселеси каралды.

“Рембыттехника” Акционердик коомунун жана “Ош” бажысынын өкүлдөрү Кыргызстандагы Озон борборунун жана “Экохолод” Коомдук бирикмесинин аткарып жаткан жумуштарын айтып кетишти: Бул уюмдар жыл сайын, такай, сертификациялар, лицензиялар боюнча семинарларды бажы жана муздаткычтарды тейлеген кызматкерлерге өткөрүп турушат жана тейлөө түйүндөрүн тастыкталган товарлар менен камсыз кылып турушат. Озон катмарын бузуучу заттар жөнүндө өздөрүнүн байланыш телефондору көрсөтүлгөн плакаттарды жана китепчелерди таркатып турушат. Бул семинарлар кызматкерлердин денгээлин өстүрүп турат.

Талкуу учурунда катышуучулардан төмөндөгү сунуштар түштү:

  • мурда колдонулган дөңгөлөктөрдү жана муздаткычтарды киргизүүгө тыюу сала турган укуктук-ченемдик актыларды сунуштоо;
  • дөңгөлөктөрдүн сапатын лабораториялык негизде текшерүүгө өтүү;
  • коопсуздугу боюнча I-класстагы химиялык заттарды киргизүүдө алардын баасына  зыянсыздандыруу чыгымын жүктөө;
  • озон катмарын бузуучу заттарды топтоочу жана зыянсыздандыруучу жабдууларды алуу үчүн мүмкүнчүлүктү караштыруу;
  • бардык кызыктар тараптардын катышуусу менен дөңгөлөктөрдүн кирүүсүн толук түрдө талдоо жана баалоо;
  • ММК аркылуу маалымат таркатуу;

Бул жолугушуу 2017-жылдын 14-декабрында саат 19:00, 21:00 дө “Ынтымак” ОРТРКсынын кечки жаңылыктар бөлүгүндө көрсөтүлдү.

Бул жолугушуу ОБСЕнин колдоосу менен ишке ашып жаткан “Жашыл экономика, табигый кырсыктарды азайтуу жана Орхус Конвенциясын ишке ашыруу аркылуу Кыргызстанда экологиялык коопсуздукту бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борбору тарабынан ГИЭТБнин Ош шаары боюнча Аймактык башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлдү.

Ош шаарындагы Орхус борборунун Коомчулук менен иштөө адиси,

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *