5 – ИЮНЬ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨ КҮНҮ

2021-жылдын 2-июнь күнү Жалал-Абад шаарындагы Ж. Бакиев атындагы Экологиялык паркта Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрө күнүнө карата акция болуп өттү.

Бул иш чара Ош шаарындагы Орхус Борбору тарабынан уюштурулуп, Жалал-Абад областык Жаштар иштери боюнча комитетинин, Жалал-Абад аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын, «Орчун» жана « Алан Тоо » коомдук бирикмелеринин ѳкүлдѳрү, жергиликтүү тургундар катышышты. Иш чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Жалпысынан 31 киши катышты.

Иш-чараны Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев ачып, катышуучуларга акциянын ѳткѳрүү максаты,   Орхус Конвенциясын ишке ашыруу боюнча борбордун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

Жалал-Абад аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башчысы С. Томаев катышуучуларды 5- июнь Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрө күнү менен жана айлана-чѳйрѳнү коргоо адистеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. Областык башкармалыктын негизги багыттарынын бири болуп жашыл аянттардын, парктардын санын кѳбѳйтүү болуп саналат. Мындан ары да башкармалык жашылдандыруу иштерине кѳмѳктѳшѳѳрүн билдирди.

Ж. Бакиев атындагы Экологиялык парктын түптѳѳчүлѳрүнүн бири, «Алан Тоо» коомдук бирикмесинин тѳрагасы Г. Соронкулов парктын түптѳлүү тарыхы боюнча маалымат жеткирди. Бул экологиялык паркта жыл сайын акция ѳткѳрүп келе жаткан Орхус Борборуна ыраазычылык билдирди.

Орхус Борбору жана Жалал-Абад областык Жаштар иштери боюнча комитетинин ортосунда айлана-чѳйрѳнү коргоо боюнча кызматташуу жана меморандум түзүү талкууланды. Айлана-чѳйрѳнү коргоодо жаштарды жана студенттерди активдештирүү боюнча чогуу иш чараларды уюштуруу пландаштырылды.

Иш чаранын аягында Орхус борборунун адистери таштандыларга байланышкан көйгөйлөр, Бириккен Улуттар Уюму 2021-жылга жарыялаган “Экосистемаларды калыбына келтирүү” чакырыгы, 1972-жылы БУУнун Генералдык ассамблеясы 5-июнду Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрө күнү деп жарыялагандыгы жана ушул күнү мамлекет башчылардын Бүткүл дүйнөлүк Стокгольм конференциясы БУУнун курчап турган чөйрө боюнча атайын уюмун (UNEP) түзгөндүгү жөнүндө маалымат беришти.

Соңунда  ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарбынан чыгарылган КР Кызыл Китебине киргизилген  ѳсүмдүктѳрдүн,  канатуулардын жана жаныбарладын үч түрдүү плакаттары, Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрө күнү боюнча маалымат баракчалары, футболкалар катышуучуларга таратылды. Орхус борборунун директору катышуучуларга активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

Орхус Борборунун адиси А. Матисаев

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *