5-Июнь – Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрө күнү

2019-жылдын 3-июнунда Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк курчап турган чөйрө күнүнө арналган акция болуп өттү.

Иш чара Ош шаарындагы Орхус маалымат  борбору тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын башкаруу” долбоорунун алкагында Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитети, Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлдү.

Ага Жаштар иштери боюнча комитеттин, Экотехинспекциянын,  Курчап турган чөйрө жана токой чарбасы мамлекеттик Агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын, “Оштогу жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасы”, “Тазалык” муниципиалдык ишканаларынын, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин кызматкерлери, Орхус борборунун алдындагы Экологиялык клубдун мүчөлөрү, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана студенттери болуп 65 адам катышты.

АКциянын ачылыш аземинде Орхус борборунун директору К. Исабаев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин кызматкери М. Осмонов, “Табият-Юг” Коомдук фондунун өкүлү С. Абжамилов, Экотехинспекциянын Ош шаары боюнча региондор аралык башкармалыгынын башкы инспектору А. Мамыраимов, академик М. Адышев атындагы Ош Технологиялык Университетинин Экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо кафедрасынын башчысы Ш. Жапарова жана Ош Мамлекеттик Университетинин Табият таануу жана География факультетинин Зоология жана Экология кафедрасынын доценти А. Абдыкааровдор сөз сүйлөштү.

Сөз сүйлөгөндөр бул акцияны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, жаштарды, студенттерди курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча өткөрүлгөн иш чараларга активдүү катышууга чакырышты. “Табият” дендрологиялык паркынын түзүлүш тарыхы жана жаштар, студенттер үчүн уюштурулган иш чаралар боюнча да маалымат берилди.

Акциянын алкагында ОшМУнун Табият таануу жана География факультетинин “Табият” дендрологиялык паркын жана Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн “Жаштык” лагерин тазалоо боюнча жумуштар аткарылды. Жыйынтыгында 4 тонна таштанды топтолуп, Ош шаарынын таштанды топтоочу полигонуна жайгаштырылды.

Акция учурунда катышуучулар электрондук таштандыларды да топтошуп, алар зыянсыздандыруу максатында электрондук жабдыктарды оңдоочу жайга өткөрүлүп берилди.

Жыйынтыктоо алдында Экологиялык клубдун мүчөлөрү катышуучуларга катуу тиричилик жана электрондук таштандылардын абалы, зыяндуулугу жөнүндө катышуучуларга маалымат беришти. Бириккен Улуттар Уюмунун Курчап турган чөйрө боюнча Программасынын (ЮНЕП) 2019-жылкы курчап турган чөйрөнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө чыгарылган маалымат баракчасы таркатылды. Бул баракчалар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен басылып чыгарылган.

Аягында Орхус борборунун директору, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, Ош шаарынын мэриясынын, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү бардык катышуучуларга активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдиришип, алардын иштерине, окууларына ийгилик каалашты.

Бул иш чара боюнча билдирүү  маалымат сайттарында жайгаштырылды.

 

 

Коомчулук мене иш алып баруучу адис,

Тургунбек Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *