Ананьев айыл өкмөтүң залында тегерек стол өттү

27-май 2022-жылы Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн жыйындар залында, ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган «Орхус конвенциясынын принциптерин ишке ашыруудагы коомчулуктун ролу. Аймактардагы экологиялык көйгөйлөрдүн алдын алуу, социалдык стабилдүүлүктүн негизги фактору» – деген аталыштагы тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдун максаты коомчулукка Орхус конвенциясы, принциптери, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды берип, Ананьево айылындагы экологиялык көйгөйлөрдү талкуулап, мамлекеттик органдар менен биргеликте иштерди алып баруу.

Тегерек столго Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Курманкожоев,  КР ЖРЭТК министрлигинин алдындагы Ысык-Көл аймактык  башкармалыгынын жетектөөчү адиси К.Минбаев, Ананьево айыл өкмөтүнүн турак жай, коммуналдык чарба кызматынын башчысы Жумабек уулу Адилет, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын майору Р.Мединов, Ананьево айылдык кенешинин депутаттары, кварталдык комитеттердин төрагалары, айылдын жаштары жалпы 34 адам катышты.

Тегерек столду Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Курманкожоев ачып, тегерек столду уюштургандыгы үчүн Ысык-Көлдөгү Орхус борборуна ыраазычылык билдирди.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов катышуучуларга Орхус конвенциясы, принциптери, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2020-2021-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу кенири маалыматтарды берип, суроолорго жооп берди.

Ананьево айыл өкмөтүнүн турак жай, коммуналдык чарба кызматынын башчысы Жумабек уулу Адилет- Ананьево айылындагы негизги экологиялык маселелердин бири , таштанды таштоочу жайдын абалы. Бүгүнкү күнү инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Ананьево айылына таштанды сортточу заводду куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бул үчүн Ананьево айылынын аймагына 6 гектар жер тилкеси бөлүнүп, тиешелүү документтери даярдалып жатат.

КР ЖРЭТК министрлигинин алдындагы Ысык-Көл аймактык  башкармалыгынын жетектөөчү адиси К.Минбаев- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги, кийин Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча комитети болуп түзүлүп, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги болуп кайрадан уюштурулгандыгы тууралуу маалыматтарды берип, аймактык башкармалык тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге кенири токтолуп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын майору Р.Мединов-жаныдан ачылган туристтик-экологиялык милиция негизги 2 багытта иш алып барат, Туристтердин коопсуздугун камсыздоо жана экологиялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча. Бүгүнкү күнү Ысык-Көл облусу боюнча 42 кызматкер иш алып барып жатат. 4 айдын ичинде туристтик-экологиялык милиция тарабынан жалпы узундугу 28470 мерди түзгөн 286 балык уулоочу синтетикалык торлор алынды.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан, бак кыюуга, балык уулоого уруксаат алуу, Ананьево айылынын аймагында чөөлөрдүн саны көбөйүп жаткандыгы, токой чарбасынын жерлериндеги бактардын ооруп жаткандыгына байланыштуу токой чарбасынын жерлерин текшерүү, Ананьево айылынын айылдык пляжын тазалоо, мындай тегерек столдорду өткөрүп коомчулукка кенири экологиялык маалыматтарды берүү боюнча маселелер көтөрүлүп, суроолорго жооптор берилди.

Тегерек столдун жыйынтыгы менен төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

  1. Ысык-Көл токой чарбасы менен биргеликте токой чарбасынын жерлериндеги бактарды текшерип чыгып, бак-дарактардын ооруларын аныктап, тиешелүү чараларды көрүү.
  2. 2.Ананьево айылындагы айылдык пляжын суу алдындагы таштандылардан  тазалап берүү жагы Ысык-Көлдөгү Орхус борборуна сунушталсын.
  3. Чөөлөрдү атуу боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан иштер алынып барылсын.

Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуулар жиберилип, коомчулукка жооптору берилет.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *