Араван районунун А.Анаров айыл аймагындагы акиташты күйгүзүүчү мештердин жайгашуусуна карата курчап турган чөйрөнүн абалына жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өткөрүлгөн мониторинг жөнүндө маалымат

img_2118

2016-жылдын 14-15-октябрында  Бишкектеги ЕККУ Борборунун финансылык колдоосу астында, Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борбору тарабынан Араван районунун А.Анаров айыл аймагындагы акиташты күйгүзүүчү  мештердин жайгашуусуна карата курчап турган чөйрөнүн абалына жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча   мониторинг өткөрүү уюштурулду.

Өткөрүлгөн мониторингдин ишине Мамэкотехинспекциясынын Араван жана Ноокат райондору боюнча Регионалдык башкармалыктын начальниги-А.М.Моккев, Мамэкотехинспекциясынын Араван жана Ноокат райондору боюнча башкы инспекторлору- И.М.Жакишев.,  М.Т.  Эгембердиев, Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору- Исабаев К.,  коомчулук менен иштөө адиси -Соронкулов Г., Тоо кен пайдалануу жана тоо көзөмөлү жаатындагы көз карандысыз эксперт- Мендикулов С., Араван районунун А.Анаров айыл аймагынын башчысынын орун басары- А.Октамов, Ачы айылынын башчысы -Т. Исмаилов  катышышты.

img_2157

Өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгында  төмөнкүлөр аныкталды:

  1. Марал участкасында,  уруксаат берүүчү долбоордук  документтери жана жерди башка категорияга трансформациялоо  жөнүндө документтери жок, өз алдынча  28 жерде  акиташты күйгүзүү боюнча  объекттер  курулган;
  2. Жумушчулар жана башкы адистер окууларды өтүшкөн эмес, жумушка кабыл алганда биринчи жумуш ордуна киришүү жана өткөрүлүүчү инструктаж өтүлгөн эмес;
  3. Жумушчулар атайын кийимдер, бут кийимдер  менен камтылган эмес;
  4. Участкалардын аймактары тиричилик жана өнөр жай калдыктары менен толтурулган;
  5. Жумушчу орундарында эмгектенүү үчүн, эс алуу үчүн жана тамактануу үчүн шарттар түзүлгөн эмес;
  6. КТП -374 тосмолору жок, РУ-0,4 кВ эшиктери сынып туш келди жерлерде жатат;
  7. Трансформатордун электр түтүктөрүнүн жайгашуусу  ар бир объектке чейин  ПУЭ талаптарынын  бузулуу негизинде тартылган, башкача айтканда, түтүктөр    диаметри 3 төн 10см чейин жеткен, бийиктиги 1,5 дан  2,5 метрге чейин жеткен металдын жана бактын подпоркаларында илинип турат. Мештердин жанындагы вентиляция жасай турган кээ бир электр түтүктөрү жерлерге эле көмүлүп коюлган , алардын кошулган жерлери  изоляцияланган эмес. Электр өткөрүүчү түтүктөр  ПУЭ эрежелеринин талаптарына  туура келбейт;
  8. Вентилятордун корпусужер менен туташтырылбаган;
  9. Рубильник орун алган жер бекитилген эмес,   диэлектр кол каптары жок,  резина төшөлмөлөр салынган эмес. Электр коопсуздугу боюнча  билдирүүчү  жана тыюу салуучу   белгилер орнотулган эмес;
  10. Көмүр сактоочу жана даяр болгон продукцияны сактоочу кампалар жок;
  11. Жумушчулар диэлектрдик кол каптар менен, коргоочу көз айнектер менен, көмүрдүн жана өндүрүш чаңдарынан сактоочу  респираторлор менен жабдылган эмес;
  12. Өрт өчүрүүчү щит менен жабдылган эмес;
  13. Акиташты күйгүзүүчү  мештер боюнча, алардын ортолорун  бөлүп туруучу чектер орнотулган эмес;
  14. Акиташты күйгүзүп чыгарууда атмосфералык абага көмүрдү күйгүзүүдөн жана акиташтын тазаланбаган продуктулары чыгарылат.

Акыркы эки жылда, Мамэкотехинспекциясынын Араван жана Ноокат райондору боюнча  инспекторлору тарабынан  пландуу жана пландан тышкары, ошондой эле контролдоо боюнча текшерүүлөр өткөрүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө 24.04.2014-ж. – №000132,  12.08-30.08. 2014-ж. – №000824    17.03.2016ж. -№0014245  эскертүүлөр берилген, жерди бузуулар боюнча административдик  айыптар 5000 сомду түзгөн,  суммасы 135 000 сомду түзгөн доолор коюлуп,  объекттердин жумушу токтотулган.

Мамэкотехинспекциясы тарабынан берилген  эскертүүлөргө карабастан бүгүнкү күндө объект ишин улантып жатат.

Мониторингди өткөрүү учурундагы курчап турган чөйрөнүн абалы, Мамэкотехинспекциясы тарабынан берилген  эскертүүлөрдү аткарбагандык, акиташты күйгүзүүчү  мештерди иштеткен ээлеринин  жана Араван районунун А.Анаров айыл аймагынын адистеринин Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында жана кен казып алуу тармагындагы мыйзамдарды билбегендигин көрсөттү.

img_2160

Участники мониторинга рекомендуют главе айыл окмоту:

  1. Акиташты күйгүзүүчү мештерди иштеткен ээлери менен   уруксаат алуу документтерин тариздөө боюнча иштерди уюштуруу.
  2. Акиташты күйгүзүүчү мештерди иштеткен ээлерине жана жумушчуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
  3. Ченемдик укуктук актыларды окутуп үйрөтүү.
  4. Өндүрүш калдыктарын сактоо маселелерин жана жерлерди рекультивациялоону тез арада чечүү.
  5. Объекттерди инвентаризациялоону жүргүзүү.
  6. (ОсОО “Даннур Юг”) тарабынан жардыруу иштери жүргүзүлгөндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен иш чаралардын планын макулдашуу.
  7. Мыйзам бузууларды жана мурда берилген эскертүүлөрдү жоюу боюнча иш чаралар планын иштеп чыгаруу.
  8. Трансформатордун электр түтүктөрүн  ар бир объектке чейин жайгаштырууда ПУЭ талаптарына ылайык аткаруу,  (электр түтүктөрү   вентиляторго чейин  метал түтүктөрүндө жана жезден жасалган кабелдерде  жаткырылсын, тосмолор жана стандарттуу негиз болуучу жөлөктөр орнотулсун, коргоочу щит орнотулсун).

 

Коомчулук менен иштөө адиси Соронкулов Г.У.

img_2143

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *