«Батыш Тянь-шанда маралдардын реинтродукциясы» долбоору боюнча жумушчу топтун жолугушуусу жөнүндө маалымат.

informatsiya-o-provedennoj-rabochej-vstreche-po-proektu-reintroduktsiya-maralov-v-zapadnom-tyan-shane

2015-жылдын 23-декабрында Ош шаарындагы маалыматтык Орхус Борбору «Батыш Тянь-Шанда маралдардын реинтродукциясы» долбоору боюнча жумушчу топтун жолугушуусун өткөрдү. Жолугушуу Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары Департаментинде болуп өттү. Аталган жолугушууда Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары Департаментинин директору Ормонов А., Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу Департаментинин директорунун орун басары Мамбеталиев К., Нарын мамлекеттик коругунун, Сары-Челек биосфералык коругунун, Авлетим токой чарбасынын, Кыргыз Республикасынын токой пайдалануучуларынын жана жер пайдалануучуларынын ассоциациясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын Биология-топурак институтунун, Ош Мамлекеттик Университетинин экология жана зоология кафедрасынын, «Кайберен» изилдөө долбоорунун, «Экоаудит», «Социоскоп» ЖЧ Уюмунун, Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун, Жалалабад областтык аңчылар жана балык улоочулар коомунун өкүлдөрү, ошондой эле, Аксы районундагы     Авлетим айылынын«Алан-Тоо» жамаатынын мүчөлөрү катышышты.
«Батыш Тянь-Шанда маралдардын реинтродукциясы» долбоорунун жетекчиси Г.Соронкулов «Алан-Тоо» жамаатынын максаты жана планы жөнүндө, анын Авлетим капчыгайынын флорасын жана фаунасын коргоого багытталгандыгын жана маралдардын реинтродукциясы долбоорун ишке ашыруу жөнүндө баяндап берди. Ал долбоордун концепциясы, максаттары, долбоордун методологиясы, кырдаалды баалоо жана анализдөө боюнча кеңири токтолуп өттү, ошондой эле ал жолугушуунун катышуучуларына ак илбирсти коргоо боюнча «Леонардо Ди Каприо» Фонду жана «Силикон өрөөн коомчулугунун Кристенсена» Фонду менен кызматташтык Программасы жөнүндө, аталган долбоорго 2016-жылы колдоо көрсөтүлөөрү тууралуу маалымат берди.

Долбоордун илимий жетекчиси А.Давлетбаков жолугушуунун катышуучуларын реакклиматизация жана Чаткал тоо кыркаларынын этектеринде сындуу бугуларынын санын жогорулатуу маселелерине илимий жактан көңүл бөлүү керектигин билдирип кетти.
Долбоор менен таанышуудан кийин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары Департаментинин директору Ормонов А. долбоордун өнөктөштөрүнө жана жетекчилерине ыраазычылык билдирди, ошондой эле, долбоорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары Департаменти тарабынан колдоо көрсөтүлөөрүн билдире кетти. Жумушчу жолугушуунун бардык катышуучулары өздөрүнүн сөздөрүндө долбоорду колдоо жөнүндө билдиришти, анын өз учурунда жана өтө актуалдуулугун, жана долбоорду ишке ашырууда катышууга даяр экендигин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:
1.Аталган долбоорду колдоо жана аны ишке ашырууда көмөк көрсөтүлсүн.
2.Долбоордун жетекчиси Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары Департаментинин кызматкерлери менен биргеликте долбоорду ишке ашыруу боюнча Аракет Планын жана Жол картасын иштеп чыгуу.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын Биология-топурак институту аталган долбоор боюнча илимий корутунду даярдасын.

informatsiya-o-provedennoj-rabochej-vstreche-po-proektu-reintroduktsiya-maralov-v-zapadnom-tyan-shane

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *