Бишкекте биргелешкен тегерек стол

2023-жылдын 26-майында Биологиялык ар түрдүүлүктүн Эл аралык күнүн утурлай Бишкектеги Орхус Борбору жана Кыргызстандын токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар ассоциациясы (КТПЖП) менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосунда «Климаттын өзгөрүшүнүн шарттарында өлкөнүн биологиялык жана маданий ар түрдүүлүгүн сактоо жана өнүктүрүү» темасында тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго ЖРЭТК министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Туруктуу өнүгүү Кеңешинин катчылыгынын, академиялык жана жарандык корпустун, коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, экология боюнча эксперттер катышты.

Иш-чаранын башталышында куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Климаттын өзгөрүүсүнүн шарттарында туруктуу өнүктүрүү кеңешинин катчылыгынын төрагасы Кубатова Г.И, Жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин Биологиялык ар түрдүүлүк департаментинин директору Ибраев Э. жана Бишкек шаарындагы Орхус борборунун жетекчиси Нурбеков А.

Алар Эл аралык биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо күнү менен куттуктап, өлкөдөгү абал боюнча өз ойлорун, экологиялык чейре жана алардын уюмдары тарабынан курчап турган чөйрөнүн абалын сактоо жана жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралар беришти.

Андан соң эксперттер маалымат берүүчү презентацияларды жасашты . Алар өлкөдөгү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатындагы иштердин абалы боюнча өз көз караштарын айтышты. Алсак, «Токойлор, токойлордун биологиялык ар түрдүүлүгү жөнүндө маалымат жана аларды сактоого жана башкарууга коомчулуктун катышуусу», «Жайыттарды туруктуу башкаруу: мини мөңгүлөрдү түзүү тажрыйбасы», «Токой жана айыл чарба секторунда органикалык кластердик бизнести өнүктүрүү», «Агротокой чарбасын өнүктүрүү жана анын мыйзамдык базасы” деген темаларда баяндамалар угулду. Ошондой эле “Кыргызстандын Исфайрам-Шахимардан аймагында жапайы өрүк жана бадам өсүмдүктөрүн сактоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча маалымат берилип, КТПЖПА адистери тарабынан түзүлгөн органикалык айыл чарба жана токой продукциясын өндүрүү боюнча видеоролик көрсөтүлдү.

Сунушталган презентацияларды талкуулоонун жүрүшүндө тегерек столдун катышуучулары кызыктырган суроолорду беришти, биологиялык ар түрдүүлүктү сарамжалдуу пайдалануу боюнча өз көз караштарын жана курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртуу боюнча биргелешкен кызматташуу боюнча сунуштарды беришти.

Иш-чаранын соңунда токой чарбасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КТПЖА ишканасынын директору Бурханов А. алар менен тыгыз кызматташып жаткан өнөктөштөрүн КТПЖАнын төш белгилери менен сыйлады.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *