Бишкектеги Орхус Борбору тегерек стол өткөрдү

2022-жылдын 28-майында Орхус Борборунун Бишкектеги кеңсеси «Орхус Конвенциясын ишке ашыруунун алкагында суу ресурстарын туруктуу башкаруу жана пайдалануу боюнча кызыкдар тараптардын маалымдуулугун жогорулатуу» темасында тегерек стол өткөрдү. Бул иш-чара 2 бөлүктөн турду – тегерек столдун өзү жана Орто-Токой суу сактагычынын аймагындагы практикалык машыгуулар.

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө тегерек столдун катышуучулары облустун суу ресурстарын башкаруудагы көйгөйлөр жана сугат жерлерин туура пайдалануу боюнча маселелерди талкуулашты. Ал эми үстөлдүн башында борбордун жетекчиси уюмдун ишмердүүлүгү, быйылкы жылдагы милдеттери жана облустагы өнөктөштөр менен биргеликте өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Айыл чарба министрлигине караштуу Суу кызматты жетектөөчү адиси Ж.Садабаева өз маалыматы менен чыгып сүйлөп, суу агымдарын башкаруу боюнча агенттиктин иши, СПАлардын сууну өз максаттарына пайдалануу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана анын кесепеттери тууралуу маалымат берди.  Ал ошондой эле «Кыргыз Республикасынын суу чарба тармагындагы адис-аялдар: билими, тажрыйбасы, көндүмдөрү» деген темада баяндама жасап, анда Суу кызматтын аялдардын иши жана системадагы ишке орношуу көйгөйлөрү тууралуу айтып берди.

«Кыргызстандын Суу өнөктөштүгү» (GWP) бейөкмөт уюмунун менеджери Мусабаева К. презентацияны жасап, өлкөнүн тургундарын суу менен камсыздоо көйгөйлөрү боюнча коомчулукту маалымдоо үчүн Орхус Борбору менен биргелешкен иш-чаралардын материалдарын берди.

Тегерек столдун ишинин жүрүшүндө көптөгөн суроолор берилди, аларды практикалык окууларда кароо сунушталды. Бул үчүн катышуучулары Орто-Токой суу сактагычына барышып, сууну агызып жаткан учурда жакынкы айылдардын тургундарын суу менен камсыз кылуу боюнча суу чарба башкармалыгын өз көздөрү менен көрүштү. Андан соң суу сактагычтын жанына таштандыларды чогултуп, ошону менен 5-июнь белгиленүүчү Айлана-чөйрөнү коргоонун эл аралык күнүн жана Экологдор күнүн майрамдоого салым кошуу сунушталды.

Суу сактагычтын абалы менен таанышып чыккандан кийин Суу кызматтынын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тегерек столдо учурунда берилген суроолорго жооптор берилди. Аяктагандан кийин иш-чаранын катышуучулары суу сактагычтын жумушчуларына жекече кошумча суроолорун беришти.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *