«Борбордук Азиядагы уран калдыктары менен байланышкан, көйгөйлөрдү чечүүдө кызыкдар болгон тараптарды тартуу» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн жолугушуулар жөнүндө маалымат.

«Борбордук Азиядагы уран калдыктары менен байланышкан, көйгөйлөрдү чечүүдө кызыкдар болгон тараптарды тартуу» долбоорунун алкагында 2017-жылдын 24 – 27- майына чейин Тажикистан Республикасынын Худжанд  шаарында, Кыргыз Республикасынын Мин-Куш айылында (Нарын областы, Жумгал району), Шекафтар айылында (Жалал-Абад областы, Чаткал району) жана Майлуу-Суу шаарында (Жалал-Абад областы)  жолугушуулар  өткөрүлдү.

Жолугушуунун катышуучулары:

  • Дженнивер Сехринг – ЕККУ Секретариаты, Вена, Австрия, Экологиялык жана Экономикалык программалар Бюросу.
  • Емреалп Садун – Эл аралык консультант.
  • Прудцких Дмитрий- экологиялык маселелер боюнча ЕККУ нун  Бишкектеги Программалык офисинин кеңешчиси.
  • Нурматов Кахрамон – ЕККУ нун  Бишкектеги Программалык офиси.
  • Исабаев Каныбек – Ош шаарындагы Орхус борборунун Директору.
  • Мамадов Икром – Худжанд шаарындагы Орхус борборунун Директору.
  • Ботобеков Бакыт –  Шекафтар ОЭИЦ жетекчиси.
  • Нарынбаев Артур — ОЭИЦ Мин-Куш ОЭИЦ жетекчиси.
  • Мамасалиев Айдарбек — Майлуу-Суу ОЭИЦ жетекчиси.

Жолугушууда жогорку аталган адамдардан тышкары,  Тажикистандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү эксперттери, Өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, долбоор менен камтылган айылдардын жана шаарлардын жашоочулары катышышты. Жолугушуу учурунда Орхус Борборлорунун директорлору жана  Коомдук экологиялык маалыматтык Борборлорунун  (ОЭИЦ) жетекчилери биринчи фаза үчүн жасалган иштерди жана келечектеги пландар жөнүндө презентацияларын жасашты. Дженнивер Сехринг – ЕККУ  Экологиялык жана Экономикалык программалар Бюросунун Координаторунун өкүлү, Прудцких Дмитрий- экологиялык маселелер боюнча  ЕККУ нун  Кыргызстандагы өкүлү жана М.Россман- экологиялык маселелер боюнча  ЕККУ нун Тажикстандагы өкүлү долбоордун алкагындагы жетишилген алгылыктуу жыйынтыктарды белгилей кетишти. 2016 –жылы долбоордун алкагында  пландаштырылган бардык иш чаралар Орхусс борборлору тарабынан  аткарылды. Борбордун  потенциалын чыгып иштөө үчүн  ноутбук, LCD  проектор менен камсыз кылуу зарылдыгы келип чыкты.  Катышуучулардын ортосунда жагымдуу абал түзүлгөн. Бардыгы берген суроолоруна ылайык келген жоопторду ала алышты.

Өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары ОБСЕ, ПРООН сыяктуу  эл аралык донорлор тарабынан жүргүзүлгөн уран калдыктары менен байланышкан   иштердин өтө маанилүү экендигин белгилешти.   Ошондой эле, Шекафтар айылында, Мин-Куш айылында, Майлуу-Суу шаарында Коомдук экологиялык маалыматтык Борборлорун  (ОЭИЦ) ачкандыгы боюнча ЕККУга терең ыраазычылык билдирип кетишти. Катышуучулар  алдыда турган иштерди аткарууда, уран өндүрүшүнүн калдыктарын  рекультивациялоодо,  маалыматты жайылтуу боюнча,   коомдук мониторингди уюштуруу боюнча,  радиациялык коопсуздук боюнча  тренингдерди жана жолугушууларды өткөрүүдө аталган Борборлордун маанилүү ордун белгилеп кетишти. Өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана башчылары  кээ бир жерлерде таза ичилүүчү суулардын жетишпестигинин көйгөйлөрү жөнүндө айтып беришти жана  ошондой эле, мектеп окуучулары үчүн радиациялык коопсуздук жөнүндө документалдык фильмдерди көрсөтүүнүн керектигин белгилешти жана андан ары алдыга карай, курчап турган чөйрө жөнүндө маселелер боюнча калктын маалыматтуулугу боюнча иштерди жүргүзүү, жашоочулар үчүн, анын ичинде, мектептин мугалимдери, радиациялык коопсуздук боюнча медицина кызматкерлери үчүн  тренингдерди уюштурууну жүргүзүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Кийинки  тренингдерде радиациялык коопсуздук боюнча калктын бардык катмарын камтуу зарылдыгы бар. Жергиликтүү жаштар уюмдары аталган долбоордун алкагында жаштар үчүн иш чараларды өткөрүүнү уюштуруу мүмкүндүгүн карап чыгууну суранышкан. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан «Борбордук Азиядагы уран калдыктары менен байланышкан, көйгөйлөрдү чечүүдө кызыкдар болгон тараптарды тартуу» долбоорунун алкагында 2016-жылдагы иштин  жыйынтыгы боюнча  жана   2017 –жылга иш планы боюнча орчундуу маселелер   талкууланды. ЕККУ өкүлдөрү жана Эл аралык консультанттар Коомдук экологиялык маалыматтык Борборлорунун  (ОЭИЦ)  потенциалын жогорулатуу жана жергиликтүү калктын керектөөсү жөнүндө суроолорду беришти.

К. Исабаев

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *