Чүй областында өткөрүлгөн тегерек стол

2017-жылдын 27- октябрында Чүй районунун Арал айылында Бишкек  шаарындагы Орхус Борбору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы менен биргеликте Бишкектеги ЕККУ Борборунун Программалык офисинин финансылык колдоосунун астында   «Орхус Конвенциясынын принциптерин ишке ашыруу боюнча экологиялык кызматтардын катышуусу – курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында  иш аракеттердин жакшырышынын негизи» темасында тегерек стол өткөрүлдү. Аталган иш чаранын негизги катышуучулары башкармалыктын кызматкерлери, экология тармагындагы  консультант-эксперттер жана  жарандык коомдун чакырылган өкүлдөрү болушту.

Иш чаранын негизги милдети,  катышуучуларга  региондун мамлекеттик кызматтарынын экологиялык милдеттерди аткаруунун жүрүшү жөнүндөгү маалыматтарды берүүсү, алардын чечимдерин аткаруу формаларын иштеп чыгаруусу, көйгөйлөрдү талкуулоо, ошондой эле областтагы болгон көйгөйлөрдү тез арада чечүүдө кызматтар ортосунда кызматташууну түзүү. Тегерек столдун ишинин  башында Орхус Конвенциясы жөнүндө жана  2017-жылында Бишкек  шаарындагы Орхус Борборунун иш аракети  жөнүндө материалдар презентацияланды. Катышуучулардын астында Бишкек  шаарындагы Орхус Борборунун жетекчиси А.Нурбеков Кыргыз Республикасынын  Конвенцияга кол койгон өлкөлөрдүн катарына кирүү тарыхы жөнүндө, анын негизги принциптери жана эл аралык институттарынын алдында отчеттуулук формасы тууралуу  айтып берди.

Андан кийин Кыргызстандагы Орхус Борборлорунун  жүргүзгөн иштери, анын ичинде Бишкек  шаарындагы Орхус Борборунун  алып барып жаткан иштери, жүргүзүлгөн иш аракеттери  тууралуу жана келечекте аткара турган планы жөнүндө маалыматтар боюнча тегерек столдун катышуучуларына презентация жасады. Презентациянын аягында ар кандай багыттар боюнча бир топ кызыктуу суроолор берилди жана биргеликте жүргүзүлгөн кызматташтык боюнча сунуштар айтылды. Тегерек столдун катышуучуларына сессиянын экинчи бөлүмүндө Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын жүргүзгөн иш аракети жөнүндө  материалдар презентацияланды. Ошондой эле, тегерек столдо экологиялык кызматтардын ишинде негизги мааниге ээ болгон кээ бир маселелер талкууланды.

Кароодо ар кандай негизги 3 темалар болду:

  • экологиялык  мониторингдин негизги критериялары;
  • токой чарбалардын жана  ӨКЖА иш аракеттери;
  • мамлекеттик  экологиялык экспертизанын принциптери жана жаратылышты пайдалануу эрежелеринин сакталышы.

Кызматкерлер тарабынан кээ бир ченемдик укуктук документтерге жаңылануу киргизилди, аларды туура колдонуунун формалары талкууланды, отчеттуулукту толтуруу көйгөйлөрү  каралды. Ошондой эле, консультант-эксперттер, ченемдик укуктук актылардын кээ бир жаңы өзгөртүүлөрүнө өздөрүнүн көз караштарын билдиришти жана өздөрүнүн рекомендацияларын беришти.   Иш чаранын аягында  катышуучулар  экология жаатындагы негизги көйгөйлөрдү талкуулашты, ММК аркылуу экологиялык кызматтардын иши жөнүндө маалыматтарды таратуунун зарылдыгын белгилешти.

Катышуучулар кызыкдар болгон бардык тараптардын катышуусу менен уюштурулган ушундай жолугушууларды тезирээк өткөрүп турууну жана  курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы бардык маселелерди талкуулоо үчүн чакырыла турган адамдардын  санын кеңейтүүнү сунушташты.  Иш чаранын аягында тегерек столдун катышуучулары эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *