Чаткал районунда кен казып алууда экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында тегерек стол ѳткѳрүлдү.

8-октябрь 2021-жылы Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясында “Жашыл экономикага жана айлана чѳйрѳнү башкарууга кѳмѳктѳшүү” долборунун  алкагында Орхус Борбору, КР Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин(ЭКМК) Жалал-Абад аймактык башкармалыгы менен биргеликте тегерек стол ѳткѳрдү.

Бул иш-чарага Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын  адистери, Канышкыя жана Чаткал айыл ѳкмѳттѳрүнүн башчылары, тоо кен компанияларынын  ѳкүлдѳрү, активисттер катышышты.

Тегерек столду Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев ачып, Орхус Борборунун ишмердүүлүгү боюнча кенири маалымат берди.

КР ЭКМК Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын башчысы С. Томоев жана бѳлүм башчысы М. Дуванакулов жаны  түзүлгѳн комитеттин түзүлүшү, бүгүнкү күндѳгү ишмердүүлүгү, ошондой эле КР Президенттинин жарлыгын, КР Ѳкмѳтүнүн токтомдорунун негизинде  башкармалыктын аткаруучу милдеттери боюнча маалымат беришти.

Экологиялык мыйзамдарды бузган кен иштетүүчү компанияларга салынуучу айып пул, алардын түрлѳрү жана эсептѳѳ ыкмасы боюнча маалымат беришти. Тоо кен компаниялары айлана-чѳйрѳгѳ калдыктарды жайгаштыруу жана булганган сууну агызуу, атмосфералык абага чан, зыяндуу заттарды чыгаруу боюнча жыл сайын алынуучу уруксат кагаздарын жана экологиялык паспорттун маанилүүлүгүн белгилеп кеттишти.

Катышуучулар жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча суроолорун беришип, адистер тарабынан толук жоопторун алышты.

Ошондой эле суу булгоо фактысы каталып, бирок эч кандай чара кѳрүлбѳгѳндүгүн билдиришип, нааразычылыктарын айтышты.

Орхус Борборунун адиси А. Матисаев КРнын “Жер казына жѳнүндѳ”,  “Жер кодекси”, “Суу кодекси” жана  ” Атмосфералык абаны коргоо” жѳнүндѳ Мыйзамдары боюнча кенири айтып берди.

Иш-чаранын сонунда катышуучулар тѳмѳнкү сунуштарын беришти:

  1. Жакынкы убакыт ичинде кен компанияларыны катоодон ѳткѳрүп, айыл ѳкмѳт башчылары менен бирге байкоо жүргүзүү;
  2. 3 ай сайын жергиликтүү тургундар менен кен компанияларынын ѳкүлдѳрү жолугуп, экологиялык маалыматтарды алмашуу боюнча чогулуштарды уюштуруу;
  3. Жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдарына, тургундарга жана кен компанияларынын адистерине экологиялык окутууларды ѳткѳрүү;
  4. Айлана –чѳйрѳнү коргоодо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда кызматташууну жакшыртуу.

Бул иш-чарага жалпысынан 23 киши катышты.

 

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси А. Матисаев.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *