Ысык-Көлдө Кажы-Сай айылынын тургундары менен жолугушуу
2025-жылдын 23-майында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылында Ысык-Көл облусунун Орхус борбору тарабынан уюштурулган айыл өкмөттүн жыйындар залында тегерек стол өттү.
Тегерек столдун негизги максаты Орхус Конвенциясынын принциптерин илгерилетүү, жарандардын экологиялык маалыматка жетүү укугун камсыз кылуу жана экологиялык маселелерге коомчулуктун катышуусун жогорулатуу болду.
Тегерек столго Кажы-Сай айылынын башчысы Ислам Акунов, туристтик жана экологиялык милициянын ага лейтенанты Бакияр Бараканов, айылдык кеңештин депутаттары жана айыл тургундары катышты.
Ысык-Көл облусунун Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов ачылыш сөздөрүн сүйлөп, борбордун ишмердүүлүгү, облустта аткарылып жаткан иштер жана жыл аягына чейинки пландары тууралуу маалымат берди. Андан соң айыл аймак башчысы И.Акунов жана райондун экологиялык милициясынын өкүлү Б.Бараканов сөз сүйлөп, экология тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат тартуулашты.
Сунушталган маалыматтык материалдарды талкуулоонун жүрүшүндө, катышуучулар айылдардагы экологияны сактоо жана мамлекеттик органдар менен биргелешкен иш-аракеттерди жакшыртуу боюнча өз ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышты. Бул аймактардагы өзгөчө көйгөйлөр – уруксатсыз таштанды төгүүчү жайлардын топтолушу, айылдарда таштанды челектеринин же сактоочу жайлардын жоктугу, бул айылдардын санитардык абалынын начарлашына таасирин тийгизүү тууралуу суроолор көтөрүлдү.
Тегерек столдун жүрүшүндө жаштар экология маселелерине кызыгышты. Өсүп келе жаткан муундун экологиялык жоопкерчилигин калыптандыруу максатында мектептерде жана бала бакчаларда экологиялык билим берүүнү кеңейтүү сунушталууда. Аймакты тазалоо, көчөт отургузуу жана таштандыларды чогултуу боюнча мектеп окуучуларынын катышуусунда жаратылышка туура мамиленин калыптанышына өбөлгө түзүүчү иш-аракеттердин мисалдары келтирилди. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин жана коомдук уюмдардын колдоосу менен айыл деңгээлинде ишембиликтерди үзгүлтүксүз өткөрүү салтын улантуу сунушталды.
Айылдык кеңештин депутаттык корпусу жайкысын туристтик мезгилде айыл аймагында өзгөчө көл жээгинде эс алуучулардын саны кескин көбөйүп жатканын белгилеп кетти. Бул бир жагынан туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө болсо да, экинчи жагынан олуттуу экологиялык жана санитардык көйгөйлөрдү жаратууда. Айрыкча ажаткана көйгөйлөрүнө басым жасалды: санитардык шарттардын жоктугунан эс алуучулар ылайыксыз жерлерде эс алып, жаратылышка зыян келтирип, көлдөгү сууну булгап жатат.
Анын айтымында, мындай абалга эс алуучулардын жоопкерчиликсиз мамилеси гана эмес, тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу да себеп болууда. Жергиликтүү тургундар буга нааразылыгын бир нече жолу билдирип, бийликтен бул маселени чечүүнү талап кылышкан. Тегерек стол диалог жана суроо-жооп форматында өттү. Катышуучулар айлана-чөйрөнү коргоо жаатында биргелешкен аракеттерге даяр экендиктерин билдиришти. Талкуунун жыйынтыгы боюнча конкреттүү сунуштар иштелип чыгып, тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.
Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу үчүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен Орхус Борбору тарабынан даярдалган Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын жыйнактары көрсөтүлдү.