Чолпон-Ата шаарында экологиянын маселер боюнча чогулуш өттү

2019-жылдын 24-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясынын жыйындар залында ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган «Айыл аймактарындагы экологиялык көйгөйлөр, чечүүнүн жолдору. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылган иштер, алдыдагы милдеттер»- деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл, Тон райондору боюнча мамэкотехинспекциясынын аймактык башкармалыгынын башкы инспектору У.Бектурганов жана Ысык-Көл районунун айыл өкмөт башчылары катышты.

Алгач жыйынды Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов ачып, катышуучуларды тегерек столдун күн тартиби менен тааныштырып, айыл аймактарындагы экология жаатындагы көйгөйлөр боюнча талкуулар болоорун эскертип, катышуучуларды активдүү болууга чакырды. Мындан сырткары Орхус конвенциясынын принциптери, милдеттери, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2018-2019-жылдардагы аткарган иштери тууралуу кенири маалыматтарды берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл, Тон райондору боюнча мамэкотехинспекциясынын аймактык башкармалыгынын башкы инспектору У.Бектурганов, Ысык-Көл районунун айылдарындагы негизги экологиялык көйгөйлөргө кенири токтолуп, пансионаттар менен жеке менчик конок үйлөрүнүн тазалоо курулмаларына өзгөчө көнүл буруп, иштерди алып баруу керектигин белгиледи. Мындан сырткары канча пансионаттар текшерилип, жыйынтыгында канча пансионатка айып пулдары салынгандыгы тууралуу да маалыматтарды берди. Жаны кабыл алынган кодекстерге, мыйзамдарга ылайык салынуучу айып пулдардын өлчөмдөрү боюнча түшүндүрмө берип, суроолорго жооп берди.

Кара-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн баш чысы К.Тюлегенов, Кара-Ой айылында жасалып жаткан иштерге токтолуп, айыл ичиндеги таштандыларды тазалоо, таштандыларды чыгаруу боюнча жеке жана юридикалык жактардан алынуучу акылар боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берди.

Катышуучулар тарабынан жаратылышты, Ысык-Көлүнүн тазалыгын сактоо, токойлорубуздун тазалыгы, өсүп келе жаткан жаш муундарга туура тарбия берүү үчүн класстарга экология сабактарын киргизүү, тартипти жөнгө салуу максатында экологиялык милицияны түзүү жөнүндө ойлор айтылып, талкууланды.

Жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары төмөнкүдөй резолюция кабыл алышты:

  1. Жаш муундарды жаратылышка аяр мамиле кылууну, экологияны сактай билүүнү үйрөтүү максатында, мектептерге экология сабактарын киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунушталсын.
  2. Пансионаттарды, таштандыларды бөлүп сорттоого милдеттендирүү үчүн тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине  сунушталсын.
  3. Ысык-Көлүнүн тазалыгын сактоо, көлгө автотранспорттун кирип кетишине бөгөт коюу максатында Мамэкотехинспекциясынын ыйгарым укуктарын күчөтүү же экологиялык милицияны түзүү үчүн тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине сунушталсын.

 

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *