Чуй районундагы экологиялык мониторинг

2022-жылдын 22-июлунан 24-июлуна чейин Бишкек шаарындагы Орхус борборунун кызматкерлери жана эксперттери ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Чүй облусунун Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларындагы суунун абалына мониторинг жүргүзүштү. Бул үчүн Ала-Арча дарыясынан Байтик айылындагы, киностудия аймагынан жана Пригородное айылынын аймагындагы суу чыгарылды. Ошондой эле Аламүдүн дарыясынан – Арашан айылы, Восток-5 кичи районунун аймагында жана БЧКнын артындагы эски автобекеттин аймагында суу чыгарылган. Башкача айтканда, суу Бишкек шаарынын кире беришинен, борборунан жана чыга беришинен алынган.

Дарыялардагы суунун абалына лабораториялык изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин лабораториясынын квалификациялуу адистери тарабынан текшерилет.

Анализдин жыйынтыгы Орхус Борборунун сайтында ачык жарыяланат жана Бишкек шаарынын мэриясынан жана экологиялык кызматтардан (санэпидстанция, коопсуздук министрлигинин Чүй жана Бишкек аймактык башкармалыктары, Саламаттык сактоо министрлиги жана башкалар).

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *