Eco-Camp «Экологиялык медиа долбоорлордун жаңы тили»

4

2016-жылдын 27-28- октябрында Бишкек шаарында биринчи өлкөлүк    «Экологиялык медиа долбоорлордун жаңы тили»  долбоорунун алкагында: «Борбордук Азияда курчап турган чөйрө жана жаратылыш ресурстары маселелерин натыйжалуу чагылдыруу үчүн медиа»темасында Eco-Camp уюштурулду.

Internews, Ливень, ECO CAMP  жана Евробирикмесинин колдоосу астында уюштурулган өткөрүлгөн Eco—Campтын ишине    мамлекеттик органдардын,  Кыргызстандагы ЖМК жана ӨЭУ өкүлдөрү катышышты. Россиядан, Таджикистандан, Казахстандан жана  Кыргызстандан келген тренерлер жана медиа-эксперттер программа боюнча мастер-классты жана  сессияларды, тренингди жогорку профессионалдык деңгээлде өткөрүштү.

Кыргызстанда Eco—Campты өткөрүү үчүн  Кыргызстандагы ЖМК жана ӨЭУ өкүлдөрүнөн түзүлгөн   командалар жана  и менторлор тандалып алынды,  эки күндүн ичинде тренингдин катышуучулары тарабынан сунушталган  курчап турган чөйрөгө  тийиштүү темаларда 14 долбоорлор толукталып иштелип чыкты.

1

Eco—Campтын ишине катышууга    Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борборунун кызматкерлери    Исабаев К., Соронкулов Г. катышкан эки команданы чыгарышты, ошондой эле Ош шаарынан көз карандысыз  журналист Ибраимов Б. жана  Баткен областынан ТРК «ЭЛТР» корреспонденти Маккамбаева У. катышышты.

Эки күн  ичиндеги иш чаранын жыйынтыгында,    Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борбору тарабынан  “КР Баткен районунун жана ТР Исфара  районунун жашоочуларын жана коомчулугун суу ресурстарын пайдалануу, курчап турган чөйрө жана чек аралык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча маалымдоо” темасынын алкагында сунушталган «Суу-Жашоонун жана Тынчтыктын булагы» долбоору, ОО  Муун Бест жана «Вечерний Бишкек» газетасынан  «CleanMapKG» долбоору,  «Арча демилгеси» Коомдук фондунун жана «zanoza kg»  “Ботаникалык Бактын кайра жаралуусу” долбоору,  Eco—Campтын жюрисинин чечими боюнча ,   “Мыкты долбоор” аталышты,  Internews – Грантынын потенциалдуу  ээси болуп табылды.

Ошондой эле, келечектеги телеберүүнүн чакан ролиги көрсөтүлдү.

Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус Борборунун коомчулук менен иштөө адиси Соронкулов Г.У.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *