“Эко-Журналист-2020” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Орхус борборлору 2020-жылдын 15-июнунан 15-сентябрына чейин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана КТЧК жана ТЧМА колдоосу менен өткөрүлгөн “Эко-Журналист-2020” медиа өкүлдөрүнүн арасындагы сынактын жыйынтыгын чыгарды. Бул сынактын максаты – коомчулуктун көңүлүн экологиялык көйгөйлөргө буруу, журналисттердин чыгармачыл активдүүлүгүн арттыруу, экологиялык программаларды ишке ашырууга жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана айлана-чөйрөнү адамдарга ыңгайлуу формада сактоо маселелерин белгилөө. Сынактын максаты коомчулуктун көңүлүн экологиялык көйгөйлөргө буруу, журналисттердин чыгармачыл жигердүүлүгүн колдоо, жаратылышты коргоо маселелерин чагылдырган экологиялык программаларда ММКлардын катышуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, курчап турган чөйрөнү адамдар үчүн жагымдуу абалда сактоонун көйгөйлөрү тууралуу маселелерди чагылдыруу

Сынак Орхус Борборлорунун тармагында каралган иш-аракеттер стратегиясынын негизинде өткөрүлүп, анда өлкөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү, курчап турган чөйрөнүн абалын чагылдырууга, ошондой эле жашоо үчүн жагымдуу курчап турган чөйрөнү сактоо боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан көрүлүп жаткан иш-чараларды чагылдырууга, жаратылыштын абалын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүн көзөмөлдөөгө жарандык коомдун жана ММКнын катышуусун камсыздайт.

Талас

Каракол

Бишкек

Нарын

Бул сынакты Чуй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында уюштурулуп, басма сөз каражаттарынын (гезиттердин), интернет басылмалардын жана телекөрсөтүүлөрдүн журналисттери тарабынан кабыл алынды. Алар сынактын белгиленген тандоо критерийлерине ылайык Орхус Борборлоруна өз эмгектерин жөнөтүштү, алардын негизгиси ар кандай медиа баракчаларында материалдарды милдеттүү түрдө жарыялоо же телекөрсөтүү аркылуу көрсөтүлдү. Сынак 3 номинация боюнча уюштурулган – “Басма сөз каражаттарындагы мыкты автордук чыгарма”, “Мыкты телекөрсөтүү же телеканалдагы окуя”, “Интернет басылманын беттериндеги мыкты чыгарма” жана ага 60-тан ашык талапкер катышты. Конкурстун 40 катышуучусу жеңүүчү аталды. Алар ар кандай даражадагы дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *