Экологиялык журналистика конкурсу жарыяланды

2019-жылдын 20, 22-мартында Ош шаарындагы Орхус маалымат борбору тарабынан Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда жайгашкан телевизиондук, басма сөз жана электрондук массалык маалымат каражаттарынын курчап турган чөйрө, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздук маселелерин чагылдырган журналисттеринин арасында мыкты материалдарга расмий конкурс жарыялады.

Конкурстун шарты боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылдын 01-мартынан 31-августуна чейинки мезгилде гезит, журнал беттеринде, телевизиондук каналдарда жана интернет сайттарда жарык көргөн эмгектер кабыл алынат. Конкурстун жыйынтыгы 2019-жылдын 17-сентябрында чыгарылат.

Конкурска катышуу формалары жана шарттары электрондук дарек аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан 19 массалык маалымат каражаттарына таркатылды. Конкурстун материалдары Ош жана Жалал-Абад шаарларында жайгашкан массалык маалымат каражаттарынын кеңселерине жеткирилди.

Иш чара Ош шаарындагы Орхус маалымат  тарабынан ЕККУнун “Экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын башкаруу” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Жалал-Абад шаары жана Сузак району, Ош шаары боюнча аймактык башкармалыктары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад жана Ош аймактык башкармалыктары менен кызматташтыкта өткөрүлүүдө.

 

Коомчулук менен иш алып баруучу адис,

Тургунбек Жумабеков

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *