Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун(ЕККУ) Бишкектеги Программалык кенсесинин башчысынын Миң-Кушка болгон таанышуу иш сапары.

11- октябрь 2021-жылы ЕККУнун Кыргызстандагы элчиси А. А. Рогов ” Орто-Азиядагы уран калдыктарын калыбына келтирүүгѳ кызыктар тараптарды тартуу”  долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер менен таанышуу максатында Жумгал районун Миң-Куш айылына барды.

Алгач Миң-Куш айыл окмотунун башчысы К. Алманбетов менен жолугуп долбоордун алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат алды.

КР ѲКМ алдындагы калдыктар менен иштѳѳ агенттигинин башчысынын орун басары А. Сейтгазиева Миң-Куш айылындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү, ага кѳрүлүп жаткан даярдыктар боюнча маалымат берип, жеринен тааныштырды.

“Туюк-Суу” жана “Дальнее” калдык сактоочу жайларына барып калдык ташууда экологиялык, техникалык жана санитардык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн курулган объекттер менен тааныштырды.

Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев жана Коомдук экологиялык маалымат борборунун жетекчиси А. Нарынбаев жумушчу топ, “Жашыл патрулдар” командалры менен аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат беришти.

Ошондой эле жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдарынын адистерине, тургундарга, жумушчу топтун мүчѳлѳрүнѳ, “Жашыл патрулдар” командалрынын жетекчилерине радиациялык, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча окутуулар ѳткѳрүлгѳндүгүнү билдиришти.

Миң-Куш айылынын социальдык жана экономикалык жактан ѳнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу, инвестиция тартуу боюнча талкуу жүрдү.

ЕККУнун эл аралык эколог эксперти Д. Пруцских долбоордун алкагында орто мектептерде жана жергиликтүү тургундардын арасында “Радиациялык коопсуздук” боюнча ѳткѳрүлүп жаткан окутуулардын маанилүүлүгүн белгилеп ѳттү.

Таанышуу иш сапары Жусуп Сары уулу орто мектебинде уланды. Н. Крупская, А. Ибраимова орто мектептеринин “Жашыл патрулдар” командалрынын катышуусунда Орхус Борбору тарабынан жарыяланган  “Кыргыз Республикасында климаттын жана жашыл экономиканын ѳзгѳрүү маселелерин чечүүгѳ жаштардын катышуусу” аттуу жазма сынагынын жыйынтыктоо аземине катышты.

Жусуп Сары уулу орто мектебинин мүдүрү Ч. Эмилова сѳз сүйлѳп, “Жашыл патрулдар” командалры даярдаган сахналык күрүнүшкѳ кезек берди.

Соңунда  элчи конкурстун жеңүүчүлѳрүн баалу белектер менен сыйлады. Окуучуларды алган белектери менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады.

Эн активдуу иш алып барган ” Жашыл патрулдар” командасы деп, Жусуп Сары уулу орто мектеби аныкталып ноутбук ыйгарылды.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси А. Матисаев.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *